Токтогул районунда жергиликтүү тургун 755 грамм баңги заты менен кармалды

Токтогул районунда баңгизат менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизат менен Токтогулдун тургуну кармалды. Ничке-Сай айылынын Ислам аттуу тургунунун үйүнүн короосундагы сарайынан 65 даана төрт бурчтуу формадагы гашиш табылган, анын салмагы 775 граммды түзгөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан