SUPER TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги каарманы - "Кыз-Бурак" тобунун экс-солисти, ырчы Гүлнара Калдарова. Ал өзүнө берилген тапшырма боюнча борбордогу мектептердин биринде 3-класстын окуучуларына музыка сабагын өтүп, өзүн мугалим катары сынап көрдү. Буга чейин таптакыр кичинекей балдар менен иштешпегенин айткан ырчы, бир аз толкунданганын жашырган жок.
"Алгач 10-15 мүнөттөй бир аз толкунданып жаттым. Андан кийин көнүп кеттим окшойт, сабактын планы боюнча ноталарды кайталап, жаңы ыр үйрөттүм. Жаш балдар менен иштешүү аябай кызыктуу экен. Алардын ар биринин жүрөгү таза, ичинде эч кири жок болот эмеспи. Андыктан тил табышуу кыйынчылык туудурган жок", - деди ал.
Ошондой эле Гүлнара Калдаровага окуучулар кызыктуу суроолорун берип, бир топ сүрдөнтүштү. Ырчынын мугалимдик кесипти кантип аркалаганын көрүү үчүн төмөнкү видеорепортажга баш багыңыз.