Нааразычылыгын айтып чыккандан кийин Ырчы Роза Шакирова "Жаңы жылдык көгүлтүр отко" катышууга чакыруу алды

Ырчы Роза Шакирова "Жаңы жылдык көгүлтүр отко" катышуучулардын тизмесине кирбей калганына нааразычылыгын айтып чыккан болчу.

21-декабрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчиси Илим Карыпбеков бул боюнча билдирүү таратты.

"Роза Шакированы Карыпбеков "Көгүлтүр от" программасынан былтыр дагы, быйыл дагы чийип салыптыр" деген ызы-чууга 2-3 күн болду. Роза Шакирова жана башка ырчылар менен ысык-суугум жок. Мен билгенден ал "Көгүлтүр от" программасына тартылат", - деп жазды Карыпбеков.

Андан кийин ырчы Роза Шакировага байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык:

"Илим Карыпбековдун жазган билдирүүсүн окуп чыктым. КТРКнын кызматкерлери байланышып "Жаңы жылдык көгүлтүр отко" чакырышты. Буюрса, 24-декабрда өтүүчү концертке катышам. Кантсе да менин ырларымды күткөн угармандарым бар. Андыктан чакырылган жерден калбай, күйөрмандарым үчүн ырдайын деп чечтим", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zevs
2018-12-21 20:33:27
Malades ilim emi ozuno keldin. Adam bolgon bolboytko kaydagy jaw epke kele elekterdi chakyrgancha birinchi chondordu chakyryp kalganyn jawtarga bersener jakwy bolmok
+1
altyn7776
2018-12-21 20:39:43
Козу ачылды да Илим мырзанын...же коллективи начар...Эл ушинтип булактын козун тазалап турбаса ушинтип ылайланып, сасып кетет.
+15
nuri1
2018-12-22 13:43:40
туура кылыптып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан