ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2018: Нурлан Насип, Айпери Кубик кызы, Баястан, Курал Чокоев... Дагы кайсы атактуулар "үй-бүлөлүү" деген макамга ээ болушту?

Өтүп бара жаткан жылда сүйүктүүсүнө башын байлап, турмуш жолун бириктирген белгилүү адамдардын катары дагы толукталды. Бул жылда түгөйүн таап, баш кошуп, "үй-бүлөлүү" деген макамга ээ болгондордун тизмесине көз жүгүртөбүз.

4-МАРТ. 2018-жылдын алгачкы 2 айында кол кармашып, шоу-бизнесте же спортто чогуу түтүн булаткан түгөйлөр дээрлик болгон жок. Март айынын башында Бишкектеги тойканалардын биринде ди-джей жана алып баруучу Нурзада Жолдошеванын кыз узатуу тою өтүп, көпчүлүк күйөрмандары ага бакыт тилешти. Жолдошеванын жолдошу Азат Бурабаев кесиби боюнча дарыгер. Жубайлар кыз-жигит болуп 1 жыл сүйлөшүп жүрүшкөн.

Нурзада Жолдошева күйөөсү Азат Бурабаев менен

20-МАРТ. Ал эми март айынын жыйырмасында кыргыз эстрада жылдыздары Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова күйөрмандарына өздөрүнүн үйлөнө турган чоң ниетин билдиришкен. Тактап айтканда, Кадырбекованын туулган күнүндө, 20-мартта ырчы мырза анын колун сураган.

8-апрелде Нурлан Насип Асел Кадырбековага сөйкө салып, 10-майда шоу-бизнестин атактуу жылдыздардын үйлөнүү тою өткөн. Асел Кадырбекованын үлпөт көйнөгү бул күнү көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Анын баасы 275 миң сом экендиги маалымдалган. Аларга өкүл ата, өкүл апа болуу милдети кыргыз эстрадасындагы үлгүлүү түгөйлөр деп айтылып жүргөн Урмат Усенов менен Неляга жүктөлгөн.

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова

2-АПРЕЛДЕ Бишкектеги тойканалардын биринде эрежесиз уруш боюнча "WEF" уюмунун чемпиону, Кыргыз өлкөсүнүн грэпплинг боюнча 5 жолку чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулу үйлөнгөн. "Алайлык" каймана аты менен таанылган 25 жаштагы мушкер Нестана аттуу кыз менен баш кошкон.

"Мен Нестана менен социалдык тармактардын биринен таанышкам. 3 жыл кыз-жигит катары сүйлөштүк. Сүйүктүүмдүн жүрөгүн багындыруу оор деле болгон жок. Нестана Ысык-Көлдүн кызы, мен Алайдан болом. Буйрук экен, баш кошуп жатабыз", - деген анда спортчу.

 Бусурманкул Абдибаит уулу жубайы Нестана менен

Өтүп бара жаткан жылдын апрель айында Айпери Кубик кызы турмушка чыкты. Ал түгөйү менен чет өлкөдө чакан үлпөт той жана бал айын өткөргөн.

"Негизи жолдошум февраль айында эле баш кошуу тууралуу сунуш киргизип, ата-энелерибиз жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Мен макулдугумду бергенден кийин чогуу клип тарттырдык, аймактарга концерт койдум. Гастролдон келерим менен эле күтүүсүз белек жасап, көзүмдү таңып аэропортко алып барды. Кайда барарыбызды айткан жок. Египетке келгенден кийин дагы бир жолу колумду сурады. Мен макулдугумду берип, экөөбүздүн чакан үлпөт тоюбуз жолдошумдун бул жактагы тааныштары, араб улутундагы досторунун курчоосунда өттү. Азыр бал айында жүрөбүз", - деген ырчы ошол учурда SUPER.KG'ге.

Ошондой эле ырчы айым жан шериги романтик экенин, күтүүсүз белектерди жасап, кубантып жатканын кошумчалаган.

Айпери Кубик кызы күйөөсү менен суу алдында

20-ИЮНДА Кыргыз шоу-бизнесиндегилердин дээрлик баарын бийлеткен "We’ll be" бий тобунун хореографы, бийчи Максат Токтоналиев сүйүктүүсү Азада менен үйлөнүшкөн. Жаш түгөйлөрдүн заманбап тою борбордогу ресторандардын биринде өтүп, ага кыргыз шоу-бизнесинин, маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрү жана эки жаштын жакын туугандары келишкен. Ал эми эки жашка өкүл ата, өкүл эне болуп шайланган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жана анын жубайы Эльвира Примбердиева: "Ушундай акылдуу, ыймандуу уулдуу да, кыздуу да болуп жатканыбызга кубанып жатабыз. Максат менен Азада биздин экинчи өкүл балдарыбыз" - деп кубанычын жашырган эмес.

Максат Токтоналиев сүйүктүүсү Азада менен

18-ИЮЛЬ. Жай мезгилинин аптабында ырчы Арсен менен Бегайым баш кошту. Түгөйлөрдүн үлпөт тою Бишкек шаарында өткөн. Анда той эки жаштын ак бийи менен башталган. Арсен тойкананын үстүнкү кабатынан "Жаным" ырын ырдап түшсө, Бегайым бийчи кыздардын коштоосунда залга чыгып жакшылыкка келгендердин эсинде калды.
Ырчы Арсен жана сүйүктүүсү Бегайым

18-АВГУСТ. Жайдын бул керемет айынын ортосунда дагы бир таланттуу мырза башын сүйүүктүүсүнө байлап, үйлөнүү тоюн өткөргөн. 18-августта "Музаман" тобунун солисти Тариэл Токмергенов бойдокчулук менен коштошуп, үйлөнүү үлпөт тою Токмок шаарындагы тойканалардын биринде өткөн. Тариэл мырзанын сүйүктүүсү Сырга Куандык кызы да маданият чөйрөсүнөн алыс эмес. Анын кесиби - режиссёр, аниматор. Тариэл Токмергенов сүйүктүүсү Сырганын жүрөгүн багынтуу үчүн артынан эки ай чуркаганын, бир көргөндө эле сүйүү сезими пайда болду деген ырчы жубайынын күлгөнү менен чачын дайыма түйүп жүргөнүн жактырганын айтат. Эки жаш үйлөнүү тою үчүн атайын 18.08.2018 кооз цифралардан турган датаны тандап алышкан.

Тариэл Токмергенов жана жубайы Сырга Куандык кызы

27-АВГУСТ. Өтүп бара жаткан жылдын август айынын аягында рэп аткаруучу Баястан менен жубайы Зульфиянын заманбап үйлөнүү үлпөт тою өткөн. Сүйүшкөн жаштардын сейилдөөсү Чолпон-Ата шаарында досторунун курчоосунда өтүп, той Балыкчы шаарындагы тойканалардын биринде болгон.

Ага чейин 11-августта Баястан менен жубайы Зульфия Бишкектеги тойканалардын биринен баш кошкон жакшылык күнүн белгилешип, рэпер сүйүктүүсүн үйүнө алып кеткен. Ал сүйүктүүсүнө 2017-жылдын 29-декабрында сөйкө салган.
Баястан менен Зульфия

5-СЕНТЯБРДА "Эл эмне дейт?" долбоору аркылуу таанылган актёр жана жаш режиссёр Радик Эшимов сүйүктүүсү Айканыш менен мыйзамдуу түрдө баш кошкону SUPER.KG'ге жазылган. Анда Эшимов: "Жаңы тасмага режиссёрлук кылуу менен алектенип жүргөндүктөн, бош убактым өтө эле тар болуп жатат. Мындан улам бүгүн араң убакыт таап, Айканыш экөөбүз расмий түрдө баш кошуп, нике күбөлүгүн колубузга алдык. Ал эми заманбап тойду 21-сентябрга белгилегенбиз", - деген ал.

Айтканындай эле бул күнү түгөйлөрдүн үйлөнүү тою Токмоктогу тойканалардын биринде орун алып, эки жаштын жакындары жана жоро-жолдошторунун коштоосунда өткөн. Ушул жылдын 9-майында актёр сүйүктүүсүнө шакек тартуулап, үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген болчу.
Радик Эшимов жубайы Айканыш менен

12-СЕНТЯБРЬ. Бул дата "Жебе" тобунун солисти Минур Алтынбек уулунун өмүрүндөгү маанилүү даталардын бири катары калды. Анда ал бойдокчулук менен коштошуп, үйлөнүү-үлпөт тоюн өткөргөн. Минур менен келинчеги Жазгүл алгач 2 жылдай дос болуп жүрүп, кийинчерээк достугу сүйүүгө айланган. Жаш түгөйлөргө ырчы, "Жебе" тобунун негиздөөчүсү Кенже Дүйшеева эми ага устат гана эмес, жолдошу менен өкүл эне, өкүл ата да болушту.
"Минур менден апкаарып, сүрдөгөн окшойт, "өкүл апа болуп бериңиз, көптөн бери айта албай жүргөм" деп жазып коюптур. Аябай күлдүм, сүйүндүм", - деген тойдун жүрүшүндө Кенже Дүйшеева. Эки жашка бакыт тилеп жакындары, достору, ырчылардан Гүлнара Кахарова, Роза Шакирова, Азиза, Курал Чокоев баштаган шоу-бизнес өкүлдөрү келишкен.
Минур Алтынбек уулу жана жубайы Жазгүл

Бул күнү Тамашоудогу "Универсал" командасынын оюнчусу Садык Нышанбай уулу да бойдокчулук менен коштошкон. Анын үйлөнүү тою Ош шаарында өтүп, шаардагы тойканалардын биринде түгөйлөр ата-эне, тууган-уруктарынан бата алышкан. Тамашоучунун сүйүктүүсү Апал, 2000-жылы туулган. Эки жаш 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөн кийин үй-бүлө куруу чечимин кабыл алышкан.

Садык Нашынбай уулу жубайы Апал менен

24-СЕНТЯБРДА шоу-бизнес тармагында дагы бир үй-бүлө түптөлгөн. Бул күнү ырчы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошуп, Чолпон-Ата шаарында кыз узатуу тою өтүп, андан соң жубайын өз үйүнө алып кеткен. Ырчынын сүйүктүүсү 27 жашта. Түгөйлөр Ысык-Көлдө эс алуу учурунда таанышкан. Курал Чокоев жайында сүйүктүүсү менен чогуу Түркияда эс алып, ошол жактан колун сураган.

30-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде түгөйлөрдүн үйлөнүү үлпөт тою көптөгөн жакын адамдарынын катышуусунда өткөн.

Курал Чокоев үйлөнүү тоюнда жубайы менен

17-ОКТЯБРЬ. Бул күндө "Жарайт сити" долбоорунда ак көңүл мурутчан агайдын образы аркылуу жылдызы жанган Нурсултан Курсанали уулунун үлпөт тою борбор калаадагы тойканалардын биринде өткөн.

Үлпөт тойго эки жаштын жакындары, шоу бизнес өкүлдөрү, "Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" долбоорлорунун жигиттери барып, той шаңдуу болгон. Продюсер Асхат Табалдиев өкүл ата болуп шайланып, тамадалык милдетти Чыңгыз Мырзаев менен Актан Рыскелдиев аткарган. Тамаша жаратуучу ордолуу Оштун Диана аттуу кызына баш кошкон. Бирок ал Казакстанда билим алып, ошол жакта чоңойгон.
Нурсултан Курсанали уулу менен жубайы Диана

27-ОКТЯБРДА "Sexy, sexy" деген ыры менен таанылган Арман Эсенгожоев үйлөнүү үлпөт тоюн борборубуздагы тойканалардын биринде өткөргөн. Тойго эки жаштын жакындары, шоу-бизнес чөйрөсүнөн тапкан достору келишкен. Ал эми тамадалык милдетти "тамашоучу", актёр, алып баруучу Актан Рыскелдиев аркалаган. Ырчы мырза менен жубайы Розанын ортосундагы жаш айырмачылык 8 жаш.

Арман Эсенгожоев жана жубайы Роза

9-НОЯБРДА актриса жана модель Эркайым Абдуллаева Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевге турмушка чыккан. Үлпөт той борбордогу тойканалардын биринде өткөн. Таймурас Ташиев 6-октябрда сүйүктүүсүнө кыргыздын каада-салты менен сөйкө салып кеткен. Ал эми 30-октябрда Эркайымдын кыз узатуусу болгон.

Эркайым Абдуллаева "Миллиондук мелдеш 2" тасмасына жана бир катар клиптерге тартылган.
Эркайым Абдуллаева жана Таймурас Ташиев

18-НОЯБРДА болсо Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов үйлөнгөн. Анын жубайы бийчи Жибек Бейшееванын кыз узатуу тою Бишкекте өттү. Футболчу ресторанга Чемпиондор Лигасынын гимни менен кирип жүгүнгөн. Спортчу тандаган бийкеч Жибек Бейшеева "Датка" бийчилер тобунда бийлейт. "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде Азамат Байматов быйыл үйлөнө турганын айтып, сүйүктүүсү тууралуу: "Экөөбүз 1 жылдан ашык мамиле куруп, сүйлөштүк. Менин мүнөзүм да жеңил эмес, чет жерде жүрөм дегендей. Ошого чыдап, колдоп, түшүнүп келе жатканы үчүн ага, өзү айткандай, медаль тагыш керек. Жеке жашооңдо баары жакшы болсо, ишиң да ийгиликтүү болот", - деген.
Азамат Байматов жана Жибек Бейшеева
11-ДЕКАБРДА Ош шаарындагы тойканалардын биринде белгилүү улакчы Манас Ниязовдун үйлөнүү үлпөт тою өттү. Ал сүйүктүүсү Назира менен никеге туруп, эки жаштын үлпөт тою курбу-дос, тууган-урук, санаалаштарынын курчоосунда орун алды. 25 жаштагы улакчынын келинчеги Назира 19 жашта. Ал Өзгөндүн кызы болот. Манас Ниязов Кыргыз өлкөсүнүн көк бөрү боюнча курама командасына кирип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мыкты улакчысы аталган. Ошондой эле ал Оштун "Достук" командасында ойноп, бир нече жолу Өлкө биринчиликтеринде алдыңкы орундарга ээ болуп келген.
Манас Ниязов сүйүктүүсү Назира менен
Бул жылы турмушка чыккандардын катарын "90-60-90" аттуу ырды аткарып, музыка сүйүүчүлөргө таанылган Кундуз Канатбек кызы да толуктады. Ал "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде көп жылдардан бери сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыкканын, экөө тең ашыкча чыгым кылууну жактырбагандыктан үйлөнүү үлпөтүн өткөрбөгөндүгүн айткан.
"Бирок жакын дос, туугандар "той качан?" деп сурай бергендиктен жай мезгилинин ортосунда той өткөрүүнү чечтик", - деп билдирген ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
altyn7776
2018-12-24 20:19:21
Артисттер улам эле уйлонуп..кКурал Чокоев баласын уйлобой озу уйлонуптур.. Биринчи никесинен баласы уйлоно турган болуп калган
0
asi.gulum
2018-12-31 10:29:01
altyn7776,14 жаштагы баланы үйлөсүнбү?
0
bond02
2018-12-31 09:51:13
Ушуларды атактуулар деп атаса кулкум келет да.
0
rejepova
2018-12-31 11:11:18
Тааныбайм жарымын
0
monok2001
2018-12-31 12:03:16
Омарчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан