Ырчы Айпери Сыдыкова анын аткаруусундагы ырларды ырдап жүргөн кызга нааразы экенин айтып, SUPER.KG порталына кайрылды. Айтымында, Жасмин аттуу кыз Сыдыкованын "Жашоо керемет", "Таарынба тагдырыңа" аталышындагы ырларын ырчы айымдын уруксаты жок ар кандай иш-чараларда фонограмма менен ырдап жүргөн.
"Тааныштарым "Жасмин аттуу кыз сенин ырларыңды кайрымдуулук концерттерде ырдап жүрөт" деп мага видеосун жана ал жөнүндө кыскача маалымат жиберишти. Бирок өзү менен байланышсам, "бир эле жолу ырдагам" деп тоготкон жок. Менде бир нече далилдер бар экенин айтсам, бир аз башкача сүйлөп, "жибитип" баштады.
Бул нерсеге көбүрөөк маани берип калганымдын себеби анын кенебестиги жана "кылган ишин" моюнуна толук албай койгондугунан улам болду. Ырларымды ырдай берсин, бирок менин үнүм менен эмес. Иш-чараларда ырдаган видеосун мага жиберишти жана социалдык тармактардан аны өзүм таап чыктым. Жасмин өзүнүн үнү менен ыр жаздырып алсын, болбосо жандуу үн менен ырдасын. Мен ага бүгүн видеокайрылуу аркылуу эл алдында кечирим сура деп талап койгом. Эгерде кечирим сурабаса, анда сотко берем", - дейт Сыдыкова.
Ал эми жогоруда сөз болуп жаткан Жасмин аттуу кызга байланышканыбызда ал дагы өз оюн билдирди:
"Ооба, 3-4 ирет кайрымдуулук концертте ырчы Айпери Сыдыкованын ырларын ырдагам. Өзүм жаздырып чыгайын деген ой болгон. Бирок шашылыш түрдө Айпери эженин ырын ырдап калдым. Мен бирөөнүн үнүн колдонуп, фонограмма ырдап чыгууга болбой турганын билген эмесмин. Буюрса, бүгүнкү боло турган концертте эл алдында Айпери эжеден кечирим сурайм", - деген жообун узатты.