SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө Тынчтыкбек Бугучиев режиссёрлук кылган "Салам, Ош" тасмасы жүктөлдү. Тасмада үй-бүлө түптөөнү, андагы баалуулуктарды сактап калуу тууралуу баяндалат.
"Тасма улакчынын турмушу, башынан өткөргөн кыйын күндөрү тууралуу болот. Үй-бүлөсү бар туруп жеңил ойлуулукка алдырган улакчы жаш кыздын артынан Ошко келет. Бирок иши оңунан чыкпай оор күндөрү башталат. Эмнегедир тасманын каарманы өз үйүнө кете албай Ошто жашап калат. Бул учурда улакчынын кызына сөйкө салганы кудалар келет. Бирок кыздын апасы үйдүн кожоюну жок эч нерсе чече албай турганын айтып, күйөөсүнө издөө жарыялайт. Окуянын андан ары курчуйт...", - дейт тасманын жаратуучусу.
"Салам, Ош" тасмасы 2017-жылы Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунун аймактарында тартылган. Бул Тынчтыкбек Бугучиевдин кино жаатындагы 7си эмгеги.
Тасмадагы башкы каармандардын ролун Канат Мамырканов, Саадат Когоева, Болотбек Тилек, ырчы Сапар Сайназаров, Нурбакыт Разаков, Алымкул Исаков жана Гүлнур Сарыбаева жана башкалар жараткан.
"Салам, Ош" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.