Индонезияда суу ташкынынан 60тан ашуун адам каза болду. Бул тууралуу Индонезиянын табигый кырсыктарды алдын алуу агенттигине таянып чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"22-декабрь күнү кечинде каптаган цунаминин кесепетинен кеминде 62 адам каза болуп, 20дай адам дайынсыз болууда. Мындан сырткары 430 үй, жана бир нече мейманканалар кыйрап, 584 адам жабыркады", - деп айтылат маалыматта.
Айрым маалыматтарга караганда, ташкындын пайда болушуна 1983-жылы атылган Анак-Кракатау жанар тоосунун кайра жанданышы себеп болушу мүмкүн.
Индонезиялык басма сөз каражаттары билдиргендей, азыркы учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, куткаруу иштери журуп жатат.