Орусиянын Санкт-Петербург шаарында курулушта иштеп жаткан Кыргыз жаранынын үстүнө бетон плита кулап түшүп, ал каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, окуя 21-декабрь күнү болжол менен 23:00дө болгон. Курулуш жүрүп жаткан аймакта 8-кабаттан кулаган бетон плитанын алдында калган 23 жаштагы Тажик жараны каза болуп, 26 жаштагы анын мекендеши жаракат алган.
"Куткаруучулар алгач кулаган плитанын алдында 2 Тажик жараны гана калды деп ойлошкон. Бирок эртеси күнү урандыларды тазалоо иштерин жүргүзүп жатканда дагы бир 38 жаштагы Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылган. 3 мигрант тең жеке фирмалар аркылуу жалданып иштеп, курулуш аймагында жайгашкан вагондордо жашап жүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.