Жалал-Абад шаарында Шевролет Авео үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта баратып шаардын кире беришиндеги арканы сүзүп алды. Кырсык 23-декабрь күнү саат 16:30 чамаларында катталганын Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалым болгондой, унаа ичинде 23 жаштагы Х.А. аттуу айдоочу жана анын жанында 24 жаштагы А.уулу.М. аттуу жаран болгон. Экөө тең катуу жаракат алып Сузак райондук ооруканага жеткирилишкен.
Кырсык катталган учур арканын жанында жаш жубайларды видеого тартып жаткан операторлордун дронуна түшүп калган.
Учурда жол кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.