СУПЕР ТАНДОО-2018: Бүгүн жылдын суперлерин сыйлоо аземине келип, белектерге ээ болуңуз!

Бүгүн, 24-декабрда саат 17:00дө Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда жылдын суперлерин тандоо аземи өтөт. Өтүп бара жаткан жыл ичинде маданият, шоу тармагында кара терге түшүп, тыным албай иштегендер колдонуучулар тарабынан добуш берүүнүн негизинде тандалды.

Добуш берүү 30-ноябрдан 22-декабрга чейин улантылды. Бул убакыт аралыгында порталда жүргүзүлгөн тандоодо күйөрмандары тарабынан эң көп добушка ээ болгон 11 номинанттын ээси сыйланат. Маданият жана шоу-бизнестин көптөгөн өкүлдөрү катышкан салтанаттуу аземге кирүү акысыз. "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы бардык окурмандарын иш-чарага келип, сүйүктүү ырчы, актёр, актриса, вайнер деги эле шоу-бизнес өкүлдөрүн колдоп кетүүгө чакырат.

Аземде активдүү катышкан оюнчуларга көптөгөн белектер ойнотулат. Мындан тышкары жылдыздар менен сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгү болот.

Анда:

"Жылдын супер ырчы мырзасы";

"Жылдын супер ырчы айымы";

"Жылдын супер ыры";

"Жылдын супер клиби";

"Жылдын супер ремейки";

"Жылдын супер дуэти";

"Жылдын супер дебюту";

"Жылдын супер тасмасы";

"Жылдын супер актёру";

"Жылдын супер актрисасы";

"Кыргыз тилдүү супер вайнер" номинацияларын тандоого добуш берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kera1514
2018-12-24 12:45:50
Барааам..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан