Атактуу түрк актёру, 2003-жылдын "Түркиянын мыкты модели" наамынын ээси Бурак Өзчивит 1984-жылы 24-декабрда Түркиянын Стамбул шаарында төрөлгөн. Анын атасы жеке ишкерлик менен алектенип, иш сапарларга көп чыкчу. Ал эми апасы өз милдетин аткарып кичинекей Буракты жана андан 5 жашка улуу эжесин тарбиялоо менен алектенчү.
Ал Стамбул шаарындагы Мармара университетинин кино, көркөм сүрөт искусство жана фотограф факультетин бүтүргөн. 2003-2007-жылдар аралыгында моделдик чөйрөдө иштеп жүргөн. Бул тармакта биринчи жылы эле ийгилик жаратып "Түркиянын мыкты модели" наамына ээ болгон. Ал эми 2005-жылы "Дүйнөнүн мыкты моделдери" арасында 2-орунга татыган.
2006-жылдан тарта ал кино жаатына баш бага баштайт. "Даңазалуу кылым", "Боз торгой" сыяктуу сериалдар актёрго болуп көрбөгөндөй дүйнөлүк атактуулукту алып келген.
Өзчивит узак убакытка чейин Желаль Чапа аттуу белгилүү түрк журналисттин кызы Жейлан Чапа менен жакын мамиледе болгон. Алардын мамилеси тойго жакындап калганда, 2014-жылы мамилесине чекит коюшкан. Буга актёрдун жумушунун көптүгү жана Чапанын аша чаап кызгангандыгы себеп болгон.
2015-жылдан баштап актриса Фахрие Эвжен экөөнүн сүйүү баяны башталган. Алар "Боз торгой" сериалын тартуу учурунда таанышкан. Эки жылдан соң, тактап айтканда, 2017-жылы 9-мартта Өзчивит Эвжендин колун сураган.
Үйлөнүү үлпөт тою ошол эле жылдын 29-июнунда Стамбул шаарында Саид Халим-Паша тарыхый вилласында өткөн. Бул тойду жылдын эң талкууга алынган тою десек болот. Себеби Фахрие Эвжендин үлпөт көйнөгүн Бурак Өзчивиттин "Түбөлүк сүйүү" сериалындагы сүйүктүүсүнүн ролун жараткан Неслихан Атагүлдүн үлпөт көйнөгүнө окшош деп айтышкан. Бирок айрым маалыматтарга караганда, 2016-жылы эле аларга нике кыйылганы айтылат.
Баш кошкондон кийин салтты улай актёрлор Мальдив аралына 4 күндүк гана бал айына барышкан. Себеби Өзчивит "Менин бир тууганым" аттуу тасмага тартылуу иштерин баштамак. Актёр яхтада эс алууну каалап, аны 150-300 миң еврого сатып алган. Жубайлар суткасына 3000 долларды чапчыган мейманкананы тандашкан.
Бурак Өзчивит 2015-жылы кезектеги "Түбөлүк сүйүү" аталышындагы сериалга башкы ролго тартылууга сунуш алат. Ал эми анын сүйүктүүсүнүн ролу аткаруу Неслихан Атагүлгө буюрган. Аталган сериалда актёрлор бири-бири үчүн жан берүүгө даяр. Бирок чыныгы жашоодо алардын мамилеси жакшы эмес. Салкын мамиле актрисанын жигитинин Өзчивит экөөнүн өбүшкөн эпизоддорунан кызгангандыгынан улам жаралганы айтылат. Актёр бул кырдаал үчүн кечирим сураганы менен ал актрисанын жигитинин оюн өзгөртө алган эмес.
Түрк басылмалары Бурак Өзчивиттин жубайы Фахриени кызганчаак деп жазып келишет. Ал Өзчивитти инстаграм баракчасындагы атактуу жана активдүү күйөрмандарын "кара тизмеге" салууга мажбурлаган. Алардын катарына орус шоу өкүлү Виктория Боня жана ирандык модель Махлага Жабери да бар. Фахрие Эвжен мындан тышкары Өзчивитке өтө кескин жыттанган парфюм колдонууга да тыю салганын түрк басылмалары жазат. Анткени Эвжен кош бойлуу. Эки жаш бул маалыматты тастыктай элек болсо дагы, жергиликтүү басылмалар Эвжендин болжол менен 5 айлык кош бойлуу экенин жазууда. Маалыматтар чындыкка дал келсе, Бурак Өзчивит, буюрса, 2019-жылы ата статусуна ээ болот.
24-декабрга карата жылнаама.