"Жылдын супер дебюту-2018" жана "Жылдын супер ыры-2018" наамынын ээси Ишен Назаров: "Өзүмө-өзүм добуш берген жокмун"

Бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда "Супер-Инфо" жана SUPER.KG порталы уюштурган, колдонуучулардын добушу аркылуу жеңишке жеткен "Жылдын суперлерин" сыйлоо аземи болуп өттү. Добушка маданият жана шоу-бизнес тармагында бул жыл ичинде тыным албай иштеп, тер төгүп эмгектенген ырчы, актриса, вайнер, режиссёрлор коюлган.

"Апакем" ыры менен музыка сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алып, жыл бою аталган ырды уккандардын оозунан түшпөй жүргөн Ишен Назаров 2 номинациянын ээси болгондугу аныкталды. Ал аткарган "Апакем" ыры "Жылдын супер ыры" жана "Жылдын супер дебюту" наамын жеңип алды. Чыгармачылыктагы жолу ийгиликтүү башталганына кубанып жатканын ырчы мырза жашырган жок.

"Мен добуш берүү башталгандан 2 күндөн кийин билип калдым. Бирок өзүмө-өзүм добуш берген жокмун. Порталга катталганыма жүз күн өтө элек болчу.

Башында жеңериме ишенген жокмун. Бирок добуш берүү аяктаарына 2 күн калганда алдыда келе жатканымды көрүп ишеним пайда болду. Бул сыйлыктар жалпы угармандарымдын жана редакциянын Жаңы жыл алдындагы эң жагымдуу белеги болду. Баарына ыраазычылык билдирем жана алдыда мындай ишеничти актоо үчүн дагы талыкпай эмгек жасайм", - деди Назаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Medina87
2018-12-24 20:03:37
Алгач бул ырды уккандан менин суйуктуу ырыма айланды. Конулум жок кезде ырдын ыргагында ыйлап-ыйлаап бугумду жазып алам.
Ийгилик!!
+6
engel
2018-12-24 20:32:16
Мен да биринчи укканда аябай ыйлагам. Апама чалгам
+2
kani-esen
2018-12-24 21:07:10
Бирок бул ырды автору жакшы ырдаган. Ишен биродун ырын ырдап деле женуучу боло береби?
-3
Boha1
2018-12-24 23:35:53
kani-esen, Ишенден башкасы эмне өзү чыгарып жазып ырдап чыгып женүүчү болуп атыптырбы? Нурлан Насип, Сайкал өзү жазып чыгып атыптырбы?
0
Krai
2018-12-24 21:12:20
Менин оюмча бул ырга кобуроок оомат берген жанагы тойдогу апасын кучактап тушкон бала ачып берди окшойт
+2
Edward.14
2018-12-24 21:45:48
Жакшы ырдаган молодец жердеш!
-1
Modric10
2018-12-25 00:09:19
Жеништер кут болсун жердеш.Аксыдан салам
-3
Aikaaaa
2018-12-25 02:52:45
Бул ыр былтыр эле чыккан болуш керек, бир жылдан кийин алып жатат
0
kani-esen
2018-12-25 07:39:50
Бироодун даяр ырын ырдап койуп, - дагы талыкпай эмгек жасайм деп койот. Рахмат айтпайбы ырдын авторуна,-ушул ыр менен эл таанып атат деп.
+2
Pchelka85
2018-12-25 09:43:41
Молодец, Ишен!!! Чыгармачылык ийгилик!!! Ырды аябай сезип ырдап угармандарга жеткире алдын!!!
0
Sarinakg
2018-12-25 22:57:52
Ишиңе ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан