"Көк бөрү" тасмасында башкы ролду жараткан казак актёру Асылхан Толепов "Супер тандоонун" сыйлык тапшыруу аземине катышуу үчүн жолдун узактыгына карабастан келип, күйөрмандарынын көңүлүн көтөрдү. "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана SUPER TV уюштурган жылдын суперлерин тандоо салтанатына келген Толепов төмөндөгүлөргө токтолду:
"Бул номинацияга талапкер катары көрсөтүлгөнүмдү көрүп абдан сыймыктандым. Мындай сыйлыкка ээ болом деп такыр күткөн эмесмин. Кыргыз өлкөсүнө актёр катары тандалганыма кубанып турам. "Көк бөрү" тасмасында башкы ролду жараткандыгымды чоң жетишкендик деп билем. Эгерде дагы чакырышса кубануу менен келем. Себеби мага Кыргыз өлкөсүндө кино тартуу иштери жана ага тартылуу жакты", - дейт Толепов.
Айта кетсек, жеңүүчүлөр порталда 30-ноябрдан 22-декабрга чейин жүргүзүлгөн добуш берүүнүн негизинде аныкталды. "Жылдын суперлерине" сыйлык тапшыруу аземи тууралуу кененирээк маалыматты бул шилтеме аркылуу өтүп окуңуз.