Бишкектеги батирден аялдын жансыз денеси табылды. Ал 79 жашта болчу
Борбор калаадагы батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 24-декабрда саат 11:15 чамасында куткаруу кызматына чакыруу түшкөн. Анда Биринчи Май районунда жайгашкан Исанов көчөсүндөгү батирлердин биринин эшиги бекилип калгандыгы айтылган. Аталган дарекке барган куткаруучулар батирдин эшигин ачып, анын ичинен 1939-жылы туулган Л.А. аттуу аял кишинин жансыз денесин табышкан. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.