Көчө балдарынын жашоосун чагылдырган "Ванчопа" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде "Ванчопа" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Аталган тасмага "Эл эмне дейт?" долбоорунун жигиттери Актан Рыскелдиев, Жаныш Майр, Данияр Токтомамбетов (MC DONCHA), Чыңгыз Султанов башкы ролдорду аткарышкан. Тасманын ачылышына шоу-бизнес чөйрөсүндөгү таанымал инсандар келишти. Алар: модель Мээрим Атантаева, ырчылар Чолпон Талипбек, Бек Исраилов, Гүлзат Мамытбек, анын болочоктогу жолдошу Хуан Буэндиа жана башкалар.

Тасманын режиссёру Радик Эшимов төмөндөгүлөргө токтолду:

"Ванчопа" деген персонаж "Эл эмне дейт?" скетч долбоорунан чыккан. Бул каарман күйөрмандарга абдан жагып, тасма тартуу тууралуу билдирүү калтырып жатышты. Андыктан тасма тартууну чечтик. Сценарийди долбоордун жигиттери менен биргеликте жаздык. Тасмада 2000-жылдардагы балдардын көчө жана райондогу жашоосу чагылдырылат. Айрым актёрлор 1 дубль менен ойногон учурлар болду. Узактыгы 1 саат 20 мүнөткө созулат".

Ал эми продюсерлик милдетти Аскат Табалдиев моюнуна алган. Тасма боюнча ал өз оюн айтып өттү:

"Мен бул тасмадан сырткары эле көптөгөн долбоорлорго продюсерлик кылып келем. Анын ичинде "Эл эмне дейт?" долбоору дагы бар. Тасмада дал ушул скетчтеги жигиттер тартылган. Бирок арасынан "Ванчопа" белгилүү болгондуктан, аны кеңейтип ал тууралуу тасма тартууну туура көрдүк. Башка тасмаларга салыштырмалуу бюджети азыраак. 25 000 доллар", - дейт Табалдиев.

Тасмада Ванчопанын ролун аткарган тамашоучу Жаныш Майр төмөндөгүлөргө токтолду:

"Менимче, Ванчопанын образы мени менен тең курдаш балдарга окшош деп эсептейм. Себеби баары көчө жашоосун көрүп калышкан. Бул образ аркылуу көптөгөн балдарды чагылдырдым деп ойлойм. Текст көп болуп калган учурларда башкы каармандын образынан чыгып Жаныш болуп калып жаттым. Бирок бул көрөрмандарга байкалбаса керек", - дейт Майр.

Ал эми "Ванчопа" тасмасынын сценарийине кыскача токтоло кетсек, тасма башкы каармандардын биринин баяндоосунан башталат. Ал атасынын жумушуна байланыштуу байма-бай мектеп которууга мажбур болот. Адаттагыдай эле кезектеги мектепке которулуп келгенде ал айтылуу Ванчопаны жолуктурат. Бул аралыкта ал Ванчопанын балдары менен кастык мамилеси достукка айланат. Бир ирет катардагы "разборкада" алар 10 миң сом табышы керек болот. Ванчопанын жигиттери бул сумманы табуунун бир гана жолу уурулукка баруу деп чечишет...

Кыйын кырдаал менен сыналган чыныгы достук, сүйүү жана интрига менен коштолгон "Ванчопа" тасмасы 27-декабрдан тарта Бишкек жана Ош шаарындагы кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

"Ванчопа" тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө Гүлзат Мамытбек чет элдик сүйүктүүсү менен келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Boha1
2018-12-26 01:22:23
Жездеңерди сыйлуу конок катары чакырып сыйлаптырсыңар да
+2
pochtalyonin
2018-12-26 11:22:58
Boha1,кантсин анан )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан