25-декабрга караган түнү №27-түзөтүү колониясында соттолгон адамдар башка соттолгон адамды токмоктоп салышты. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, жабырлануучуну "тактаны уурдадың" деп 10го жакын адам ур-токмокко алды. "8-январда ал эркиндикке чыгышы керек экен. Аны ур-токмокко алууга түрмөнүн жетекчилиги уруксат бергенин жабырлануучу айтты. Анын арызы прокуратурага жөнөтүлөт", - деди Сулайманов.