Чүйдө турак үйдөн чыккан өрттөн 91 жаштагы адам түтүнгө ууланып каза болду

Чүй облусунун Сокулук районунда 91 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сокулук районундагы Жал айылынын Школьная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде турак үйдүн эмеректери күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 91 жаштагы П.А. аттуу жаран түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлернине өткөрүлүп берилген. Ал эми өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан