Бүгүн, 26-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Экс-вице-премьер, Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиев сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылды. Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, Шадиевдин жана анын жакындарынын мүлкү мамлекеттин эсебине өткөрүлөт.
Соттун чечимине таянсак, Шадиевдин мамлекетке өткөрүлүүчү мүлктөрүнүн башында Ысык-Көлдөгү "Карвен - 4 мезгил" пансионатынын 33,33 пайыз үлүшү, "Аква Инвест Плюс", "Ларель" жана "Карвен Групп" компанияларынын 50 пайызы, Бишкектеги "Ала-Арча" соода борбору бар. Мындан тышкары Орто-Сай айылындагы турак жай комплекстери, Бишкектеги кеӊсе, автоунаа, Шадиевдин жана анын аялынын банктагы акчалары бар. Экс-чиновниктин жалпы 1 миллиард 852 миллион 236 миӊ сомдук байлыгы мамлекеттин карамагына алынат. Бул 27 миллион доллар.
Парламенттеги Шадиев жетектеген комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров жыл башында парламент бюджетинен 30 миң долларды өзүнө ыйгарып алууга шектелип кармалган. Бул акчаны бөлүп берүүнү суранган документке Шадиевдин колу коюлганы айтылган эле. Шадиев ушул окуяга күнөөлөнүп жаткан. Ал эми соттун жогорудагы чечими саясий буйруктун негизинде чыккан адилетсиз чечимге окшошуп турат. Себеби Шадиевге карата эмненин негизинде ушундай чечим чыкканы түшүндүрүлгөн жок. Убагында Нариман Түлеев соттолгондо анын атасынын мүлктөрүнөн бери мамлекет тартып алганы нааразычылыктарды жараткан. 30 миң доллар үчүн Шадиевдин 27 миллион долларлык мүлкүн тартып алуу адилеттүү чечим эмес. Жаза адилеттүү экени далилденбесе, анда муну эл көрсүн деп жасалган аракет же өч алуу деп түшүнүү керек. Өлкөдөгү адилетсиздик жакыр жашаган элде чиновниктерге, байларга, ийгиликтүү ишкерлерге жек көрүү сезимин жаратты. Алар байлыгын таза мээнет менен таптыбы же уурдап байыдыбы элди бул нерсе көп кызыктыра бербейт. Шадиевби, башкабы мамлекет байлыгын тартып алса, жазаласа, көпчүлүк сүйүнө берет. Адилеттүү бийлик орномоюнча бул абалды өзгөртүү мүмкүн эместей.
Аскарбек Шадиевге быйыл жазында Башкы прокуратура “кызматтык абалын кыянат пайдаланды” деп кылмыш ишин ачкан. Бирок УКМК менен прокуратура аны кармап, камакка алууга шашылган жок. 1-июнда гана УКМК Шадиевдин 27-апрелде эле АКШга качып кеткенин жарыялады. Ушундан улам көпчүлүктө "бийлик Шадиевдин өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзүп берди" деген күмөн ой жаралган. УКМКнын маалыматына ишенсек, Шадиев Тажикстан жана Орусия аркылуу Нью-Йоркко учуп кеткен. Экс-чиновник "чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө" жана "мыйзамсыз жол менен алынган каражатты легалдаштырууга" да айыпталган. Кыргыз бийлиги кылмышка шектүү, жасаган иши үчүн түрмөдө жооп бере турган адамдарды өлкөдөн "чыгарып" жиберип, сыртынан көп жылга соттоону адатка айландырып алды. Мисалы, каргашалуу 7-Апрель, Июнь окуяларына айыпталган бир тууган Бакиевдер, Данияр Үсөнов, Евгений Гуревич, Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов өӊдүү адамдар сыртынан соттолушкан. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов да өлкөдөн чыгып кеткен соӊ сыртынан 7 жылга эркинен ажыратылган. Коррупция менен күрөштөгү кош стандарттуу мамиле дайыма сындалып жүрөт. Айрым чиновниктерди Кыргыздын укук коргоо органдары Орусиядан, Азербайжандан кармап, тез арада өлкөгө алып келип жатышат. Мисалы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмиянов менен Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун кармалышы. Ал эми Шадиев коррупцияга каршы күрөш жарыяланган соӊ колдон суурулуп кетти. Анын мамлекетке алынат деген мүлктөрү бир кезде конфискацияланган Бакиевдердин мүлктөрү сыяктуу таланып-тонолуп кетпейт деген да кепилдик жок...
Жогорку Кеӊеште мектеп директорлоруна тийиштүү маселе каралды. Билим берүү жана илим министрлиги 65 жаштан өткөн жарандардын мектеп директору болуусуна тыюу салууну сунуштады. Ал үчүн өлкөнүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилүүдө. Сунуш депутаттар арасында талаш жаратты. Айрым депутаттар бул демилге чийки экенин, 65 жаштан өтүп, бирок мектепти алдыга сүйрөп жаткан директорлор көп экенин, аларды 65 жашка чыкканы үчүн эле кызматтан алуу туура эмес болорун айтып чыгышты. Депутат Мирлан Жээнчороев Бишкекте көп жыл алдыңкы катарда турган мектептердин бири директору алмашкандан кийин артка кеткенин белгиледи. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова директор 65 жашка чыккыча башка кадр даярдашы керектигин, кызматтан кеткенден кийин акыл-насаатын айтып мектепте иштей берсе болорун билдирди. "Жашы өтүп калган директорлор жаӊы технологияны өздөштүрүүдө чабал болууда", - дейт Жусупбекова. Айрым депутаттар сунуш туура экенин, өмүр бою мектеп директору болуп иштеп, жаш кадрларга орун бошотпой жаткандар көп экенин айтышты. Расмий маалыматка таянсак, учурда мектеп директорлорунун 20 пайызы 65 жаштан жогору адамдар. Үстүбүздө XXI кылым, технология өнүккөн доор. Билим берүү тармагы советтик системден арылып, жаӊыланууга муктаж экени айтылып келе жатат. Жусупбекованын маалыматына караганда, кары директорлор ушул процессти артка тартып жатат. Ошол эле учурда жагдайдын экинчи тарабы да бар. Айлык аздыгынан айылдарга жаш мугалимдер барбай, пенсия курагындагы мугалимдер иштөөгө аргасыз болууда. Кесипкөй, тажрыйбалуу адистерге муктаждык дагы эле күчтүү. Депутаттар ар бир мектептин директоруна жекече мамиле жасап, чечим кабыл алынышы керектигин да айтышты. Эгер ушундай болсо, анда мыйзам иштебейт. Жакында депутаттар 65 жашка чыгайын деп калган Токон Мамытовду акыйкатчылыкка шайлашкан. Анын үстүнө көп жылдан бери кызматтан түшпөгөн мектеп директорлорунун жогору жакта "крышалары" бар экенин ушул эле депутаттар айтып жүрүшкөн. Бүгүнкү парламенттеги талкуу кырдаалдан өгүз өлбөй, араба сынбаган абалда чыгуу зарыл экенин көрсөттү. Эл өкүлдөрү бул жолу да кескин кадамга баруудан чочулап жатышат...
Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө 312 түп дарак кыйылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди. Ал жерге көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Бул маселе учурда тийиштүү органдар ортосунда талкууланып жатканы айтылды. "Ошол эле аймакка жаӊы көчөттөрдү отургузуу да каралган", - дейт Каракеева. Буга чейин Бишкектин абасын тазалап, шаарга көрк кошуп турган дарактар жол, көп кабаттуу элиталык үйлөрдү куруу үчүн кыйылып жатканы сынга кабылып келген. "Жашылдандыруу" ишканасынын маалыматына таянсак, 2017-жылы Бишкекте 3 миӊге жакын дарак кыйылган. Анын ордуна да канча көчөттөр тигилген, бирок анын канчасы көктөгөнү белгисиз. Бүгүн унаа токтотуучу жай үчүн көп жылдык дарактарды кыюу аракети сынга алынууда. Шаардыктарга шарт түзүү шылтоосу менен экологияны талкалоого да жол ачылып калган учурлар бар. Көп өлкөлөрдө аталган көйгөйдү көп кабатуу унаа токтотуучу жайларды куруу менен чечүүгө аракет кылат. Ал эми Бишкектин бийлиги ар дайым жеңилине ыктайт. Себеби заманбап, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды курууга караганда дарактарды кыйып таштоо алда канча оӊой...
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго карата козголгон кылмыш иши кыскартылды. Аталган маалыматты Шыкмаматов өзү тастыктады. "Мага каршы козголгон иште кылмыштын курамы жок экени аныкталып, кыскартылды", - дейт башкы "ата мекенчи".
Шыкмаматов "2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталып, 2016-жылы "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шыкмаматов менен бирге Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юксел да аталган кылмыш ишинде айыпталган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2017-жылдын декабрында Шыкмаматов аралашкан иш боюнча өкүм чыгарган. Анда башкы "ата мекенчи" 5 миллион сомго айыпка жыгылып, Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматка алынбай турган болгон. Ал эми чет өлкөнүн жараны болгон Юксел жазадан бошотулган.
Шыкмаматов жана анын тарапташтары соттун мындай чечимине нааразы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ушул жылдын 12-июнунда экинчи инстанция биринчи инстанциянын 5 миллион сом айып салган чечимин жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберген. Ошентип 25-декабрда УКМКнын Шыкмаматовго жиберген катында аталган кылмыш иши кыскартылганы жазылган. "Кошумча иликтөөнүн натыйжасында Шыкмаматовдун аракетинде кылмыштын курамы жок экени аныкталды", - дейт УКМК.
Шыкмаматовдун жазадан кутулушуна 1 жыл жетиштүү болду. "Ата мекенчилерге" карата козголгон кылмыш иштери 2016-жылдагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесинен кийин башталган. Ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү дымагына каршы чыккан Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова сыяктуу саясатчыларга кылмыш иштери козголгону баарына маалым. Бийлик алмашкандан кийин "ата мекенчилердин" иштерин кайра кароо талабы күчөп, "аларга карата саясий куугунтук болгон" дегендердин катары күн санап өсүп жатат. Андан сырткары "саясий туткун" деген атка конгон Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков сыяктуу саясатчылар да алардын катарын толуктайт. Жаңы бийликтин "мээримине" Шыкмаматов эле татыйбы же жогоруда аты аталган саясатчылар да илешеби, азырынча белгисиз...