"Супер хитке" Гүлжигит Калыковдун башынан өткөн окуясын чагылдырган "Эне жөнүндөгү баллада" аттуу ырдын клиби кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул апта ичинде эң аз добуш алган клип сынактан четтеттилип, тизмени Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыковдун аткаруусундагы "Эне жөнүндө баллада" аттуу чыгарма толуктады. Бул туурасында ырчы өз ою менен бөлүштү:

"Бул ырды ырдоону көптөн бери ойлоп келе жаткан элем. Убакыты эми келип ырдап гана тим болбостон, клип дагы тарттырганга жетиштик. Клип өзүмдүн башымдан өткөн окуялардын негизинде тартылган. Тартуу иштеринде эч кандай кыйынчылык болгон жок. Себеби клипмейкер Эрнист Сыдыков өз ишин мыкты билген адам экен. Андыктан клипти 2 күндө тартып бүттүк. Ал эми бюджети сыр болсун. Бирок бир топ каражат жумшадык".

10-орун - Мажиттин "Адашпа" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Ильяз Абдразаковдун аткаруусуна таандык "Ай, жеңеке" аттуу видеокомпазициясы камсыздаган.

8-орунду - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" чыгармасы ээледи.

7-орунда - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" клиби жайгашкан.

6-орунду - "Добулбас" тобунун "Ак кеме" клиби камсыздаган.

5-орун - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" аттуу клиби бир баскычка жогорулады

4-орун - 60`К ТОБУнун "Мерез жүрөк" видеокомпозициясына буюрган.

3-орун - Анжеликанын "Назданып" клиби тизмеге жаңы кошулганына карабастан, алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орун - Айчүрөк Иманалиеванын "Кыргызча" клиби өткөн жумада жеңүүчү аталса, бул ирет ортодо келе жатат.

1-орун - Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" аталышындагы клиби колдонуучулар тарабынан эң көп добушка ээ болуп, аптанын жеңүүчүсү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asiamoll
2018-12-26 14:09:57
Эң сонун клип экен
0
Birimdik5555
2018-12-27 02:06:08
Ыйлатты го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан