ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2018: "Кыргызды тургузам" деген Гүлзат Мамытбек, уялгандан баш кийимин баса кийген депутат, ич кийимчен ырдаган Зере... Дагы кимдер кантип "хайп" жаратты?

Акыркы жылдарда коомчулукта "хайп" деген термин пайда болду. Хайп - ызы-чуу жаратуу, өзүн-өзү жарнама кылуу. Биздин коомчулук дагы хайп жараткандардан куру эмес. Жыл ичинде шоу-бизнесте болобу, саясатта болобу кылган аракеттери, жоругу менен коомчулуктун талкуусуна түшкөндөр болуп жатты. Жыл ичинде "атын тааныткан" адамдарды карап көрөлү...

ӨЗҮН "КЫРГЫЗДЫН ДЕМИ" АТАП ЧЫККАН ГҮЛЗАТ МАМЫТБЕК ШОУ-БИЗНЕСКЕ АРАЛАШКАНДАН ТЫШКАРЫ БОЛОЧОКТОГУ ӨМҮРЛҮК ЖАРЫН ДАГЫ ТАПТЫ

2018-жылы Гүлзат Мамытбек деген ысымды өзгөчө көп укканыбызды тана албайбыз. Себеби ал жыл башынан тарта кыргыз элин эртең менен турууга үндөп, өзүн кыргыздын деми деп атаган. Бул көрүнүшкө айрымдар баа беришсе, кээ бири терс билдирүүлөрдү калтырып жатышты. Мамытбек аны менен эле токтоп калбай, өзүн ырчылык жаатта дагы сынап көрдү. Көрсө, Гүлзат Мамытбек бул тармакта бекеринен жүрбөптүр. Анткени клип тартуу учурунда болочоктогу жолдошун кезиктирген. Кыргыз элине күйөө бала болгон Хуан Буэндиа мырза Гүлзат айым менен иш-чараларга чогуу барууда. Ал эми Гүлзат Мамытбек келечектеги пландары тууралуу төмөндөгүдөй кеп салган.

"Тур, турагой" деген сөздүн да, ырчылыктын да, кино тартуу керек деген тилектин да негизги максаты - 2030-жылы Кыргыз өлкөсүн дүйнөдөгү №1-өлкө кылуу, өзүмдүн аракетим аркылуу кыргыз элин таанытуу. Азыр шоу-бизнесте жылаңачтанып, бөлөк-салак арам нерселерди аралаштырып жинди болуп жатышат. Чыныгы искусствону жок кылышууда. Искусство - бул жылаңачтанып чечинүү, оозуңду, башка жагыңды көптүрүп шишитүү эмес, руханий байлык", - деген жообун узаткан.

МУЗОО КӨТӨРҮП БЕЛГИЛҮҮ БОЛГОН ЧЫПАЛАК БААТЫР, "ЖЫЛДЫЗ БОЛУУ" ОҢОЙ ЭМЕС ЭКЕНДИГИН АЙТАТ

Жыл башында социалдык тармактарда 120 килограмм салмактагы музоону көтөргөн жигиттин видеосу тараган. Белгилүү болгондой, өзүн Чыпалак баатыр атаган Зарылбек Аликенов социалдык тармактардын колдонуучуларын жыл бою зериктирбей, түрдүү аракеттерин көрсөтүп жатты.

"Музоо көтөргөндүн эмнеси "хайп" дегендер болушу мүмкүн. Бирок Чыпалак баатыр өзүн-өзү жарнама кылуунун көп жолдорун билет. Жеке баракчасында жүктөгөн сүрөттөрүнө билдирүүлөрү көптөгөн каталар менен жазылгандыктан колдонуучулардын абдан кыжырын келтирет. Бирок анын артынан Чыпалак баатырдын социалдык тармактагы баракчасына катталгандардын саны 32 миңге жеткен.

"Чачы менен оор нерселерди сүйрөгөндөр бар болгондуктан, мен чыпалагым менен оор салмактарды көтөрөйүн деп чечтим. 5-6 айда жыйынтык болуп, эл оозуна алындым. "Жылдыз" болуу оңой эмес экен", - дейт Чыпалак мырза.

ИЧ КИЙИМЧЕН ЫРДАП КООМЧУЛУКТА ЫЗЫ-ЧУУ ЖАРАТКАН ЗЕРЕ АСЫЛБЕК

Ал эми сентябрда элдин оюн эки жаатка бөлгөн Зере Асылбек аттуу ырчынын "Кыз" аталышындагы ырынын клиби коомчулукта талкуу жараткандыгы талашсыз. Алгачкы ирет ырдап чыкканда эле шоу-бизнесте ызы-чуу жараткан Зере Асылбек 19 жашта. Бирок ал элдин оюнан аттап өтүп, клипке сыя түстөгү ич кийим кийип тартылган. Өз кезегинде ырчы айым маектеринин биринде төмөндөгүдөй билдирүү жасаган:

"Менден азыркыга чейин "эгерде клипти кайрадан тартуу мүмкүнчүлүгү болуп калса, үстүңө бир нерсе кийип алат белең?" деп сурашат. Албетте, жок. Бул жөн гана образ. Эгерде ич кийимчен чыкпасам, клип мынчалык талкууга алынмак эмес деп ойлойм", - деген ал.

СЕУЛ-АЛМАТЫ КАТТАМЫНДА АЭРОПОРТТО ЧУУ ЧЫГАРЫП...

22-сентябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденованын Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда отуруп, чуу чыгарган окуясы быйылкы жылы коомчулукта көп талкууну жаратты. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак 2 саат кечигип учууга аргасыз болгон.

Ошол эле күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Каденованы ээлеген кызматынан бошотуу буйругуна кол койгон.

ПЕНСИЯНЫ ЧОГУЛТУП, АЛ АКЧАГА ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЭС АЛЫП КЕЛҮҮНҮ АЙТКАН ЛУНАРА МАМЫТОВА...

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова дагы интернетке жазган постунан улам талкуунун чордонунда калды. Ал өзүнүн билдирүүсүндө "Кыргыз өлкөсүндө пенсионерлер пенсиясын топтоп чет өлкөдө эс алып келсе болот" деген кеңешин жазган. Анын бул билдирүүсү талкууга жем таштап, интернет колдонуучулар "Чиновник айым өлкөдөгү пенсионерлердин турмушунан кабары жок го, саякаттоого эмес, дары-дармектерине жетпеген акча берилет" деген пикирлерин айтышкан. Мындан тышкары анын чет өлкөгө баруусу кайсы тараптан, кантип каржыланып жаткандыгына кызыккандар көбөйгөн.

Мамытова өзү чет мамлекеттерге эс алууга чыккан каражаттарды өз чөнтөгүнөн чыгарганын билдирген.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ЖӨӨ БАСЫП КИРГЕН ДЕПУТАТТАРДЫ КӨРГӨНДӨ УЯЛЫП, БАШ КИЙИМИН КӨЗҮНӨ ЧЕЙИН ТҮШҮРГӨН КАМЧЫБЕК ЖОЛДОШБАЕВ...

1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев маршруттук такси менен келип, Жогорку Кеңешке жөө басып кирген депутаттардан уяларын айткан. Атүгүл, аларды көргөндө өз унаасында жанынан өтүп бара жатканда баш кийимин көзүнө чейин түшүрүп, Ак Үйгө кирерин кошумчалаган эле.

Эл өкүлүнүн бул айткандары дароо эл оозуна алынып, өзүнүн дарегине терс пикирлер жаай баштаган. Айрымдар уялганда баш кийимди баса кийип өтүп кетүү керек экенин күлкүгө айландырып тамашага айлантышты.

Жолдошбаев мындай пикири менен депутаттар баш тартып койгон кызматтык унаалар боюнча кайра карап чыгуу керек экендигин айтканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Shekeev969798
2018-12-28 13:41:03
Чыпа алга
+1
Boha1
2018-12-28 14:08:13
Кыргыз Республикасынын Гимнинин жаңы автору Пархат Түлебердиевди кошуп койсоңор болмок, ал кирбей калса таарынат го.
+12
Take_men
2018-12-28 14:29:30
Экс саясатчылардан Мискенбайүп кошулбай калыптыр
-1
Avrora2017
2018-12-28 15:00:04
Бул уялчаак депутатыбыз жакында вроде жакшы бир иш кылдыго озунун зданиясын бердиго как школа катары колдонууга , нарынбы же ак талаа жакабы жанылбасам эгер, анан баардык депутат чиночниктерге озубуз еле скидывать этип миллионндон депутаттар кытайдын карызынан кутулалы деп да маселе которуп аткан.
+5
bond02
2018-12-28 15:54:13
Зере 2019ж жыналач чык эми бир жолу, клибин аябай хит болот.
-3
derzkiy
2018-12-28 15:54:42
Чыпа баатыр, алга
-3
admin_superstan
2018-12-28 16:02:25
Attila88, адамдын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Эскертүү!
-4
Modric10
2018-12-28 22:51:31
Чык эшикке деген да хит болду беле быйыл
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан