Ысык-Көлдөгү 2 жаштагы наристе катуу сабалып, кийин ооруканадан чарчап калган окуя: баланын апасы тосмо арыз жазган жок

Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристе катуу сабалып, кийин ооруканадан чарчап калган окуя боюнча кылмышка шектелип таежеси 2 айга камакка алынды. Баланын апасы тосмо арыз жазып берди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов билдирди.

"Чарчап калган наристенин апасы тосмо арыз жазып берди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул окуя боюнча бүгүнкү күнгө чейин милицияга эч ким кайрылган эмес. Кечээ, 25-декабрда сот кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган, бүгүн же эртең 40 жаштагы шектүү СИЗОго которулмакчы", - деди Усубакунов.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

23-декабрда болжол менен саат 12:00 чамасында Жети-Өгүз райондук ооруканасына 2 жаштагы наристе денесиндеги ар түрдүү жаракаттары менен келип түшкөн. Кийин ал жандандыруу бөлүмүндө жатып чарчап калган. Баланын апасы 21 жашта, ал жолдошу менен ажырашып, Орусиянын Москва шаарына иштөө үчүн 12-декабрда кеткен. Ал эми баласын бир тууган эжесине таштаган. Шектүү катары кармалган наристенин таежеси алгачкы көрсөтмөдө баланы шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Ал баланы чымчып жана далысына бир-эки жолу чаап, төшөккө ороп жаткырып койгон. Бир аз убакыт өткөндөн кийин баланын абалы начарлаганын байкап ооруканага алып келген.

Сийип койгондугу үчүн сабалган 2 жаштагы наристе чарчап калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Perfekt
2018-12-27 00:34:25
Okup alyp,jurogun ooruit da. Kichine bala shymyn bulgap koiso ne eken. Emi kichine bala da,negizi kichine balany sababai dele tarbiyalasa bolot go
0
AzKumFerDan
2018-12-27 03:26:28
Тырмактай наристеге кантип кол көтөрүшөт э эч нерсени түшүнбөгөн таптаза чүрпө болсо .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан