26-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо ат спорту боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Анда ат чабыш, кунан жорго, кунан чабыш, бышты жорго, топ байге, жорго салыш, аламан байге болмокчу. Байге фонду 350 миң сом болгон бул мелдеш саат 12:00дө башталат.