"Бакай Банк" кардарына Жаңы жылга карата 700 миң сомду белек кылды

Кечээ, 25-декабрда борбор шаардагы "Азия Молл" соода-көңүл ачуучу борборунда "Бакай Банк" уюштурган "Белектер жылы" акциясынын финалдык бөлүгүнүн жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Бул иш-чарага катышуу үчүн "Золотая Корона - Акча которуулар" системинин КМШдагы банктарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Илья Венгер атайын Орусиядан келди. "Бакай Банктын" жетекчилигинин атынан төраганын орун басары Руслан Кагиров сөз сүйлөп, алар "Белектер жылы" акциясынын катышуучуларын куттуктап белектерин тапшырышты.

"Белектер жылы" акциясына Кыргыз өлкөсүнүн аймактарынан менин билишимче, 200 миңдей адам катышты. "Золотая Корона" жана "Бакай Банк" эл аралык акча которуулар системин тандаганыңыздар үчүн рахмат. Бардыгыңыздардын үйүңүздөрдө тынчтык жана береке болсун. Келе жаткан жыл баарыңыздарга бакыт алып келсин", - деди Венгер.

"Бул акцияны биз өнөктөшүбүз "Золотая корона" менен жүргүздүк. Иш-чараны Кыргыз өлкөсүнөн четте жүрүп, ата-эне жакындарына жана Кыргыз өлкөсүнөн чет элдеги жакын адамдарына акча которгон мекендештер үчүн уюштурдук. Кымбаттуу кардарлар, катышканыңыздар үчүн рахмат. Акциянын аякташы Жаңы жыл майрамына жана банктын 20 жылдыгына туш келди. Баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жыл майрамыңыздар менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайм", - дейт Кагиров.

700 миң сомдун жеңүүчүсү Сайпилло Давранов "Бакай Банкка" күтүүсүз белеги үчүн ыраазычылыгын билдирди: "Азырынча утуп алган акчамды эмнеге жумшай турганымды ойлоно элекмин. Бирок жакшылыкка жумшайм деп ишенем. "Бакай Банктын" башка дагы акцияларына катышып, жеңишке ээ болуңуздар".

Дагы бир жеңүүчү Сабира Турумбекова "Бакай Банкка" мыкты белек үчүн рахмат айтты.

"Мен Орусиядан рубль менен акча которуп жүрчүмүн, бирок байге утам деп такыр ойлогон эмесмин", - дейт ал.

Акциянын бардык катышуучулары уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, "Бакай Банкка" алдыда дагы өнүгүп-өсүшүн каалашты.

Эске салсак, "Бакай Банк" ААКсы жана "Золотая Корона" акча которуулар системи ушул жылдын 1-мартынан баштап "Белектер жылы" акциясын баштаган. Ага катышып, 700 миң сомду утуп алууну каалагандар "Бакай Банктын" өлкөдөгү каалаган филиалынан 15-декабрга чейин "Золотая Корона" системи аркылуу акча которуусу керек болчу. Анда баш байгеден тышкары муздаткыч, кир жуучу машина, сыналгы, ноутбук, чаң соргуч, микротолкундуу меш, смартфон, чайнек, үтүк, powerbank, ичүүчү суу үчүн фильтр, сааттар да ойнотулду.

Баш байге жана башка байгелердин жеңүүчүлөрү тууралуу маалыматтар банктын www.bakaibank.kg веб-сайтында жайгашкан.

"Золотая Корона" акча которуу системи - Орусияга, КМШ өлкөлөрүнө жана башка алыскы мамлекеттерге ыкчам, пайдалуу жана эсеп ачпай туруп акча жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан