"Диснейдин" "Аладдин" мультфильминин негизинде тартылган тасманын алгачкы тизер-ремейки социалдык тармактарда октябрда эле пайда болгон. Бирок тартуучу топ аягына чейин 50 жаштагы актёр Уилл Смиттин Жинндин образында кандай көрүнөрүн жашырып келишкен. Бирок жакында эле "Entertainment Weekly" журналынын башкы бетине көрүүчүлөр көптөн күткөн Жинндин образындагы Уилл Смит чыккан.
Аталган мультфильмде актёр дал Жинндикиндей чыгыш кийимдерин кийген. Сакалы менен чачы да каарманга окшош. Айта кетчү нерсе, тартуу иштери учурунда Смиттин терисин көк түскө боёшкон эмес.
Ал эми Аладдиндин ролу Мен Массудкага, Жасминдин ролу Наоми Скоттко буюрган.
Уилл Смиттин бул ролду аткаруусу интернет колдонуучуларынын арасында талкуу жаратты. Айрымдар бул образ Смитке абдан жарашыптыр деп баса белгилешип, фильмдин экранга чыгуусун чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын айтышууда. Арасында нааразы болгондору да жок эмес. Кээ бири актёрду Жинндин образында башкача элестеткендигин билдиришип, үмүттөрү акталбай калгандыгын жазышууда.