Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда катталган жол кырсыгында 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 26-декабрда саат 19:16 чамасында Кызыл-Адыр айылында орун алган. Анда Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаа менен Нива үлгүсүндөгү унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен 1968-жылы туулган К.Т. аттуу киши каза болуп, 2 эркек киши жабыркаган.
Аталган аймакка куткаруучулар барып унаада кыпчылып каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар "Тез жардам" аркылуу райондук ооруканага жеткирилген.