Быйылкы жыл ичинде кыргыз шоу-бизнесиндеги белгилүү жылдыздардын үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырды. Кээ бири тун наристелүү болушуп, маңдайы жарыла сүйүнүшсө, айрымдары балдарын карындаштуу, инилүү кылып, үйүндөгү тапичкелери көбөйдү. Эске салсак, чакан мамлекетте толуктоолор болгон жылдыздар төмөнкүлөр.
МИРБЕК АТАБЕКОВДУН ХИТ ЫРЛАРЫ ЖАРАЛЫП, ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ ТОЛУКТОО БОЛДУ
Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун чыгармачылыгында гана жагымдуу жаңылыктар болбостон чакан мамлекетинде да толуктоолор болду. Эске салсак, ырчы мырза 19-апрелде кыздуу болуп, наристеге Ыйман деген ысымды ыйгарышкан. Атабековдун тун уулу Адам 2015-жылы төрөлгөн. Учурда 3 жашта. Ал эми бул куш кабар тууралуу:
"Кызыбызды төрөт үйүнөн чыгырып келгенде уулум бир аз кызгангандай болду. Бирок кийин карындашын жакшы көрүп, өөп калды. Кызга ата болгон башкача сезим экен", - дейт Атабеков.
БУЛ ЖЫЛЫ ЭРНИСТ СЫДЫКОВ 3-ИРЕТ УУЛДУУ БОЛСО, ЫРЧЫ АЙГЕРИМ РАСУЛ КЫЗЫ ДАГЫ БИР ИРЕТ ЭНЕ БОЛУУ БАКТЫСЫНА ЭЭ БОЛДУ
Март айында клипмейкер Эрнист Сыдыков менен актриса Кымбат Асизова 3-ирет ата-эне статусуна ээ болушкан. Чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн уулуна алар Айдар деген ысым ыйгарышкан. Бул кубанычтуу кабар жөнүндө Эрнист мырза өз оюн айткан:
"Шүгүр, 2 уулубуз бар. Бул ирет кыз төрөлөт деп күттүк эле, эркек балалуу болдук", - дейт Сыдыков.
Ал эми эстрада ырчысы Айгерим Расул кызына экинчи ирет эне болуу бактысы буюрду. Ырчы айым 13-декабрда уулдуу болуп, наристеге Элмырза аттуу ысым ыйгарышкан. Ал эми Расул кызынын улуу кызы Ханбийке учурда 3 жашта.
НАЗИРА ТОКОНОВА МЕНЕН МАНАС АЛЫКУЛОВ ТУН НАРИСТЕЛҮҮ, ГҮЛЗАДА РЫСКУЛОВА 4-УУЛУН ЖАРЫККА АЛЫП КЕЛДИ
Майдын башында ырчы Гүлзада Рыскулова 4-уулун жарыкка алып келип, тапичкелердин санын көбөйткөн. Анын артынан эле элдин жакшылыгына өзгөчө шаң кошкон тамада, шоумен Манас Алыкуловго да ата болуу бактысы буюруп, уулдуу болгон.
Ушул жылы ырчы Назира Токонова дагы эне сататусу бар адамдардын катарын толуктады. Ырчы айым тун уулун ден соолугуна байланыштуу кесарово жолу менен төрөгөн.
ТУРДАКУН НИЯЗАЛИЕВ УУЛУНА ШЕРИК ТӨРӨЛГӨНҮНӨ, АЛ ЭМИ КАНЫКЕЙ МЕНЕН АКСАЙ МУКАМБЕТ УУЛУ ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ ТАПИЧКЕЛЕР КӨБӨЙГӨНҮНӨ КУБАНЫЧТА
Андан сырткары сентябрда бешик терметкендердин катарын "Жубайыма" аттуу ыры менен белгилүү болгон ырчы Турдакун Ниязалиев уулдуу жана ырчы Каныкей кыздуу болуу менен толуктаган. Ырчы мырза уулунун ысымын тун уулу Хамзага шерик болду деп Халид койсо, ырчы айым төрөтү жеңил өткөндүгүн жана кызына таенеси Акмарал деген ысым койгонун айтат. Андан сырткары ырчы Каныкей 2015-жылы уулдуу болуп, илимге, билимге өмүрүн арнасын деген ниетте ага Алим деген ысым беришкен.
Бул айда наристелүү болгондордун катарын "Дадагаң болуп кетейин" деп ырдаган "Музаман" тобунун ырчысы Аксай Мукамбет уулу да толуктаган. Мукамбет уулу кызына Айданек деген ысымды ыйгарган. Аксай мырзанын бул экинчи кызы. Эң кызыгы, эки кызынын тең салмагы, боюнун узундугу бирдей төрөлүшкөн.
ЫРЧЫ БАЙЫШ МОМУНОВ МЕНЕН АКТЁР АМАНТУР МУСАЕВ НАРИСТЕ ЖЫТЫН ЖЫТТАГАНДАРДЫН КАТАРЫН ТОЛУКТАШТЫ
Быйыл ырчы Байыш Момунов дагы кыздуу болуп, 6-ирет ата болуп отурат. Ырчы мырза бул туурасында төмөндөгүлөргө токтолгон:
"6 баласы бар экен го, эмне Кларадан (ред. Алибекова) төрөлгөн баласын кошпойбу" деп айтып жатышат. Албетте, Байэл баламды кошом. Ал дагы сүйүнүп жатат. Ини-карындаштары менен катыштырып жатам. Ошондо менин 2 уул, 4 кызым бар", - деген жообун узаткан.
Актёр Амантур Мусаев да алгачкы ирет наристе жытын жыттап, кыздуу болуп отурат. Ата болуу өзүнчө чоң бакыт экендигин айтып, кубанычы менен тең бөлүшкөн.
Акыркылардан болуп жылды жыйынтыктап балалуу болгон "Жебе" тобунун солисти Самат Муратбеков болду окшойт.
29-декабрда "Жебе" тобунун солисти Самат Муратбековдун үйүндө наристенин үнү жаңырды. Ырчы мырзаны бул жакшылыгы менен куттуктап байланышканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду:
"Негизи 5-январда төрөлмөк, бирок Жаңы жылды биз менен тосоюн деген окшойт, 29-декабрь күнү саат 5те кесарево жолу менен кызыбыз төрөлдү. Буюрса, эне-баланын ден соолугу жакшы. Кызым 2 киллограмм 650 грамм салмакта төрөлдү. Улуу кызым Жанель апасынын курсагын сылап Ая дей берчү. Андыктан жаңы төрөлгөн кызыбызды атын Ая койдук", - дейт Самат Муратбеков.
Самат Муратбеков 2015-жылы үйлөнүп, 2016-жылы 13-июлда алгачкы ирет наристелүү болгон.
Андан сырткары быйыл кыргыз эстрада ырчысы Бактыгүл Бадыева дагы үчүнчү ирет кыздуу болду. Ал эми кызына Дария деген ысым ыйгарышкан.
Ырчы 2013-жылы Алмаз Закиров аттуу жигитке турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда Ширин жана Эркеле аттуу кыздары бар.