Түндүк Кипрде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Айтматов ааламы" аталышында иш-чара өттү

26-декабрда Түндүк Кипрде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Айтматов ааламы" аталышында иш-чара өттү.

Анда аталган өлкөдөгү Гирне Америка университетинин студенти Бегимай Мамурова жана Жакынкы Чыгыш университетинин магистранты Ислам Кылычбек улуу жазуучунун өмүр баяны, басып өткөн жолу, чыгармачылыгы, жана анын кыргыз адабиятындагы гана эмес, дүйнөлүк адабияттагы орду тууралуу айтып беришти:

"Биздин Кипр студенттеринин эл аралык ассоциациябыз (CISA) бул өлкөдөгү бардык окуу жайлар, анда окуп жаткан студенттери менен тыгыз байланышта иш алып барат. Жакында эле Кипр Социалдык университетинин ректору, профессор Мустафа Түмер менен болгон жолугушууда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата студенттерге кандайдыр бир маалымат айтып берүүбүздү өтүнгөн. Ал эми өз кезегинде биз дагы дүйнөнүн төрт бурчунан келип окуп жаткан жаштарга эркиндик, сүйүү, достук, айлана-чөйрө менен адамзаттын байланышы, намыс, бакыт, жеңиш тууралуу Айтматовдун ой-пикирин, мураска калтырган чыгармаларынын мисал келтирип айтып бердик", - дейт Ислам Кылычбек уулу.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматовдун 90 жылдык юбилейин утурлай эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2018-жылды "Айтматов жылы" деп жарыялаган. Анын алкагында бир катар түрк тилдүү өлкөлөрдө ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан