Бүгүн, 27-декабрда 44 жаштагы Орусиялык актёр Марат Башаров жубайын аёосуз түрдө сабап, анын мурдун сындырып салганын орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты. Учурда 34 жаштагы Елизавета Шевыркова ооруканада.
Елизавета Шевыркованын жабыр тарткандыгы тууралуу анын Фёдор аттуу агасы маалымдаган. Анын айтымына караганда, Марат Башаров ачууга алдырып, жубайына кол көтөргөн. Ал эми Елизавета алган жаракатынан улам ооруканага жатып калган.
Агасынын билдирүүсүнө караганда, ал Елизаветага биринчи жолу кол көтөрүп жаткан жок.
"Мындан 1 жыл мурун Башаровдун бул адаты дагы кармаганда, жубайы колунан жаракат алып ооруканага кайрылган. Бирок баары үчүн баарына көз жумуп, чыдап жашап жүргөн. Жадакалса, маектеринде жолдошун мактап, камкор ата катары сыппаттачу", - деп жазылат маалыматта. Белгилей кетсек, Марат Башаров Елизавета Шевыркова менен 2017-жылдын сентябрь айында
баш кошкон.
Эске салсак, Елизавета Башаровдун биринчи курмандыгы эмес. Ал буга чейин аны жандап жүргөн кыздарга, мурунку жубайы
Екатерина Архаровага дагы
кол көтөрүп, мурдун сындырган. Бирок Екатерина анын үстүнөн арыз жазган эмес. Учурда Елизавета Башаровдун кылыгына кандай жыйынтык чыгарары белгисиз.