Аксы районунун борбору Кербен шаарында 2 мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча соттун чечими чыгып, ал 8 жылга жатак абакка кесилген. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарланды.
"Аксы райондук сотунун 29-майындагы өкүмү менен соттолуучу С.М.Ж. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал жазасын жатак абагында өтөсүн деп көрсөтүлгөн. Соттолуучунун бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калып, камакта калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, тергөө учурунда камакта жаткан күндөрүнүн бир күнү жатак абактарында кармоонун үч күнүнө теӊештирилип эсептелинген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Ошондой эле соттолуучу С.М.Ж. кырсыктан каза болгон маркум Айчүрөк Исманованын өкүлүнө 100 миң сом материалдык жана 50 миң сом моралдык зыян төлөп берген. Ал эми экинчи маркум Гүлазым Сармырзаеванын мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына да ушундай эле суммадагы чыгымдар өндүрүлүп берилген.
Окуя ушул жылдын 10-февралында Кербен шаарынын Ниязалы көчөсү менен Шатманов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Аксы РИИБинин кенже курамдагы кызматкери өзүнүн ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатып, Кербендин Мамай айылынын тургундары, №52-“Мамай” атындагы орто мектебинин мугалимдерин жолдун четинде бара жаткан жеринен сүзүп кеткен. Алар спорттук мелдештен келе жатканда ушул окуяга кабылышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 мугалим каза болуп, 2 мугалим жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.