Борбор калаада эки унаа сүзүшүп, 1 аял ар түрдүү жаракаттарды алды

Борбор калаада эки унаа сүзүшүп, 1 аял ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 27-декабрда Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө, болжол менен саат 19:00 чамасында орун алган. Анда эки Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен 55 жаштагы жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алып, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан