Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жаран аялын атып алды. Жабыркаган аял ооруканага жеткирилген. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"25-декабрда болжол менен саат 23:35 чамасында Ысык-Ата РИИБине аймактык ооруканага 34 жаштагы Я.Н. аттуу аял көкүрөк тушуна ок атуучу куралдан алган жаракаты менен келип түшкөнү тууралуу маалымат жеткен. Окуя боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында бул окуяга шектелип аталган райондун тургуну, жабырлануучунун күйөөсү 35 жаштагы А.В. кармалган. Териштирүүнүн негизинде аныкталгандай, жубайлар теңтуштары менен өз үйүндө спирт ичимдиктерин ичишкен. Мас абалындагы А.В. бейбаштык кылып жатып аялына ок чыгарган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.