Баткенде 10 сыналгыны аткезчилик жол менен Өзбекстандын аймагына алып бараткандар кармалды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда чек ара кызматкерлери аткезчилик жол менен Өзбекстандын аймагына жүк алып бараткан 2 Кыргыз жаранын кармашты. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

"Мамлекеттик чек арадан 100 метр алыстыкта чек арачылар Daewoo Tico унаасын токтотушкан. Анын ичинде 2 адам болгон. Унааны текшерүүгө алганда ичинен 10 даана Yasin үлгүсүндөгү сыналгы болгон. Анын ар биринин диагоналы 32 дюйм. Сыналгыларды алар көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эмес, тыюу салынган аймак аркылуу алып өтүүнү көздөшкөн", - деп билдирет аталган бөлүм.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган эки жаран сыналгылары менен кошо Баткен облустук Бажы кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Karaan
2018-12-29 11:06:58
Чон чон бизнесмендердин контрабандасын кармагылачы дух жетсе. Карапайым бейбечара 10 шт телевизорун кармап мактанбай.
+12
aerforce
2018-12-29 11:11:22
Бир байкуш эптеп тирилик кылып алайын десе кармап чыгарып жатасыңар миллионбоп товар өткөзгөндөрдү кармамактурсун ошол жерде чай алып берсеңеркерек жагалданып эх качан оңолор экенбиза?
+9
aza84
2018-12-29 11:19:47
Укмуш кылмышкерди кармапсынарда
+3
senchi
2018-12-29 11:39:44
Телевизор кимгедир керек болгон
-2
akylbek57
2018-12-29 11:57:10
Мин долларга чейинки суммадагы товар жон эле откорулот, ошондой эки тараптуу келишим болгон. Бул телевордун бироосу 6000мин сом турат. Мин долларга жетпейт. Коркуткан да, аларды, акчасын алат.
-1
rkurstan
2018-12-29 14:34:23
akylbek57,8500 турат.
0
nurkojo
2018-12-29 16:50:22
akylbek57, Озбекстан 300 долларга чейин гана киргизип жургон. Кийин аныда алып салды.
0
Nargiz-8784
2018-12-30 07:10:09
Ушул Бир карапайым бечараны Тим эле койушса болмок да наркотик ташыгандарды кармап алгылачы телевизор учун кармап соттобой эми
+3
AksyKum
2018-12-29 12:44:34
Мыйзам карапайым калк үчүн эле иштейт
+4
rususu
2018-12-29 15:38:45
Баары белгилуу го.
+2
Rashit
2018-12-29 18:21:35
Тико жана портерге кучтору жетет бир лексус турсун эле жакыныга барышпайт
+3
Daniel01
2018-12-30 16:46:47
Кембагалды ит кабат дешетго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан