SUPER.KG порталынын SUPER TV бөлүмүнө жаңы жылдык маанай тартуулаган берүү жүктөлдү. Анда белгилүү актёр Аскат Сулайманов "Жылдыз кесибин алмаштырат" рубрикасынын алкагында Аяз ата болуп, Аяз кызы менен бирге көчөдөгү элге жаңы жылдык маанай тартуулады. Мурдагы берүүдө мугалимдик кесипти аркалап көргөн Гүлнара Калдарова кийинки каарманга "Аяз ата болуп кийинип алып, шаар аралап эл менен сүрөткө түшүп, акча чогултсун" деген тапшырма берген.
Аскат Сулайманов Аяз атанын образын ойдогудай жарата алды. Борбордук аянтта эл менен сүрөткө түшүп, ал кызматы үчүн акча алган адамдар Сулаймановду Аяз кызы менен кошо өз аймагына киргизүүдөн чочулап турушту. Алар эл биз менен эмес, актёр менен сүрөткө түшүп жатышып, каражат таппай калабыз деген ойлорун айтышты. Мындан улам Аяз ата шаар аралап каптагы белекти элге таратууга өттү. Арасында балдар, тилемчилик кылып отургандар, такси кызматын көрсөткөндөр кубанып таттууларга ээ болуп жатышты.
Актёр Аяз ата болсо сиз көргөн Аяз аталардан кандай айырмаланат экенин видеорепортаждан көрүп салыштырыңыз.