Боом капчыгайында айдоочу рулду башкара албай унаасы оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда SUPER.KG порталына Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"Бүгүн, 31-декабрда Бишкектен Ысык-Көлдү көздөй бараткан Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаасы оодарылып кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы жана Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жиберилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти башкармалыктан.
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин сактоого жана жолдо этият болууга чакырат.