Билинбей 2019-жыл дагы кирип келди. Быйылкы Жаңы жыл эмнеси менен атактуулардын эсинде калды жана ким кайдан майрамдаганын аныктап көрөлү.
Эстрада ырчысы Гүлнур Асанова 2018-жылдын акыркы күнүн кантип тоскондугун төмөндөгүчө айтып берди:
"Декабрдын аягы кубаныч менен аяктаса, кайгысынан дагы кур койгон жок. Жаңы жылды эч кандай шаан-шөкөтсүз үйдө тосуп, эрте эле уйкуга жетеленип бара жаткам. Тарс-турс деген фейерверктин үнүнөн үйдөгү мышыгым коркуп каякка кире качканын билбейм, дагы деле жок. Мас болуп уктап калганы ойгонуп, тарсылдатып жатып саат 2-3кө чейин салюттун үнү басылган жок. Ошентип таң да атып кетти", - дейт ырчы айым.
Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов Жаңы жылды Таиландда тосту.
"Жаңы жыл - үй-бүлөлүк майрам эмеспи, андыктан мен Жаңы жылды үй-бүлөм менен Таиланд өлкөсүндө тостум. Учурда эс алуу менен машыгууну айкалыштырып жатам. Жыл сайын Жаңы жылды чет өлкөдөн тосконго аракеттенем. Ал эми учурдан пайдаланып бүткүл кыргыз элимди жаңы 2019-жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Биз футболчулар дайыма жаңы ийгиликтерди жаратканга аракеттенебиз", - дейт Байматов.
Куудул айым Гүлжайна Атаканова майрамды Таластагы кечеден баштап, андан ары өзү туулуп-өскөн Аксы жергесинде улантканын айтат.
"Мен үчүн Жаңы жыл майрамы катардагы күндөрдүн бири. Бирок досторум, ата-энем, бир туугандарымды кубантып белек берип, куттуктап турганды дагы унутпайм. 31-декабрда Таласта өткөн кечеге катыштым. Андан чыгып өзүмдүн туулган жерим Аксыга түштөн кийин келип калдым. Бул жактан бир туугандарым, ата-энем менен чогуу майрамдадык", - дейт ал.
2018-жылы үй-бүлөлүү адамдардын катарын толуктаган ырчы Курал Чокоев майрамды үй-бүлөсү менен өткөргөнүн айтты.
"Жаңы жылды үй-бүлөм менен тостум. Андан сырткары ата-энеме белекке батир бердим. Ал эми жубайым Жанарага майда-чүйдө белектерден сырткары жүрөгүмдү белек кылдым. Үй-бүлөлүк майрам үйдө эле өтүп жаткан. Өкүл атам балалуу болгонун угуп төрөт үйүнө бардым. Ошентип Жаңы жылдын уландысы төрөт үйүндө өттү. Ал жактан эртең мененки саат 7-8дерде келдим", - дейт ырчы.