Орусияда жарылуудан кийин көп кабаттуу үйдүн урандыларынын астында калып каза болгондордун саны 8 адамга жетти

31-декабрда Орусиянын Магнитогорск шаарында көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, 35 батир толугу менен урап түшкөн. Дагы 10 батир жарым жартылай кыйраган. 16 адам эвакуацияланып, 5 адам ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта дайынсыз болгондорду издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги расмий сайтына жарыялады.

1-январда саат 12:00гө карата берилген маалыматка караганда, 8 адамдын жансыз денеси урандылардын астынан чыгарылды. Дагы 36 адам дайынсыз болууда. Куткаруучулар 11 айлык баланы аман-эсен урандылардын астынан алып чыгышты. Башынан жаракат алган бала суукта үшүп калгандыктан абалы оор экени маалым болду.

Өкмөттүк комиссия имараттын абалын текшерип, урап түшкөн бөлүктүн жанындагы конструкцияларды бузуу чечимин кабыл алган. Буга имараттын башка бөлүктөрүнүн да урап кетүү коркунучу чыкканы себеп болгон.

"Адистердин сунушу менен кыйроо коркунучунда турган бөлүктөрдү алып салуу үстүңкү кабаттан башталат. Алынган маалыматтар боюнча, бул ишке бир суткадай убакыт кетет. Кыйроо коркунучу жоюлгандан кийин дайынсыз болгондорду издөө иштери уланат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
warcaw
2019-01-01 16:30:02
АЛЛАХ өзү сактасын айттырбай келген бөдө кырсыктардан.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан