Салтанаттуу ыр-бийлер менен коштолгон "Жылдын суперлерин" сыйлоо аземин SUPER.KG порталынан да көрө аласыздар.
2018-жылы жигердүү эмгектенген ырчылар, кино жаратуучулар, актёр жана актрисаларга окурмандар 30-ноябрдан 22-декабрга чейинки аралыкта добуш берип жылдын суперлери аныкталган. 24-декабрда борбордогу "Бишкек Парк" соода түйүнүндө "Жылдын суперлерин" сыйлоо аземи орун алды. Анда колдонуучулар арасында эң көп добушка ээ болуп, маданият, шоу-бизнес тармагында жыл бою талыкпай эмгектенген атактууларга статуэткалар ыйгарылды.
Маданият, шоу-бизнестин бир катар белгилүү өкүлдөрүнүн катышуусунда болгон саамалык эми Кинозалда.
"Супер тандоо-2018ди" көрүү үчүн шилтеме.