"EXO" тобундагы Кай менен "Blackpink" тобунун солисти Женни кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөнү айтылды

1-январда К-Рор дүйнөсүн дүңгүрөткөн кабар чыкты. Бул "EXO" тобундагы ырчы Кай менен "BLACKPINK" тобунун солисти Женнинин кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшкөнү тууралуу маалымат.

Алгач "Dispatch" порталы Женни менен Кай көптөн бери сүйүү мамилесинде экендигин жарыялап, алардын жолугушуусунан сүрөттөрдү тараткан. 25-ноябрда Кай Женнини жашаган жеринен алып кетип, экөө кол кармашып сейилдегени маалымдалган.

Ырчы Кайдын күйөрмандары дароо эле анын дал ошол кийимдери менен түшкөн сүрөтүн таап, анын Инстаграмдагы баракчасына "Бул сүрөттү Женни тартты беле?" деген комментарийлерди калтырышкан.

Эки ырчынын тең Париждеги мода жумалыгында болгону да күйөрмандардын көңүлүн бурду. 2-октябрда Женни "Эйфель" мунарасына суктанып турам. Бул эң романтикалуу кечки тамактануу болду" деген билдирүү калтырган. Ал эми Кай 3-октябрда "Эйфель" мунарасынын жанында түшкөн сүрөтүн интернеттеги баракчасына жүктөгөн.

Кореяда популярдуу музыка жаратуучуларынын арасында белгилүү ырчылардын сүйүү мамиледе экенинин ачыкталышы чанда кездешет. Экөөнүн сүрөттөрү интернеттеги социалдык тармактарга бат эле жайылып кетти. Кийинчерээк эки ырчынын агенттиктери YG Entertainment жана SM Entertainment Женни менен Кай сүйүү мамилесинде экенин ырасташканы айтылды.

Акыркы жылдарда атактуу топтордун сап башында келе жаткан "BLACKPINK" менен "EXO'нун" күйөрмандары жогорудагы маалыматты түрдүү кабыл алышты. Көпчүлүгү 2019-жылдагы алгачкы түгөйлөр деп эки ырчыга жакшы каалоо-тилек айтса, сүйүктүү ырчысын кызганып кыжырдангандар да болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maks94.kb
2019-01-01 18:57:24
Кыз жигит эмес подрушка экенго
+1
rejepova
2019-01-01 19:20:48
Ой тообо жанылык болбосон койо кал
0
newman
2019-01-01 22:08:24
Ушуну окуган мен жинди. Таанысам өлөйүн
+11
tyrgon
2019-01-01 22:13:28
Кореянын ырчысы бизге эмне тиешеси бар деймда, корейлер биздин ырчыларды эмне кылып жатканын окуп журушобу?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан