31-декабрда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды берүү тууралуу жарлык чыкты.
Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын диктору, "Маданият-Тарых-Тил" телеканалы студиясынын редактор-алып баруучусу Бактыбек Мамытовго дагы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы ыйгарылды.
"Биринчи эле наам алганымды кесиптешимден уктум. Мен үчүн Жаңы жылда кош майрам болду. Республиканын ар кайсы аймактарынан чалып, куттуктоо сөздөрүн айтып жатышат. Баарына рахмат, айрыкча элибизге ыраазымын. Мындан 25 жыл мурун, тагыраагы, 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алсам, эми минтип "Эл артисти" болуп отурам", - дейт Бактыбек Мамытов.
Мамлекеттик сыйлык алгандардын катарын композитор, комузчу, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти Атайбек Бөдөшов, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин артисти Хадима Берикбаева, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти Садырбек Жумашов бар.