Азыркы учурда подиумда модель мырзалар дагы өз ордун таап жатышат. Анда Кыргыз өлкөсүндө моделдик кесипти аркалап келе жаткан мырзалар менен таанышалы.
КЕЛЕЧЕКТЕ "DOLCE & GABBANA" МОДА ҮЙҮНҮН ЖҮЗҮ БОЛГУСУ КЕЛГЕН АСКАТ ОСМОНОВ
Туулган жылы - 2000-жыл, 11-июнь
Туулган жери - Бишкек шаары
Бою - 189 сантиметр
Салмагы - 80 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы - бойдок.
Билими - Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин студенти.
Аскат Осмонов: "2016-жылы жумуш издеп жүргөм. Болгондо да чыгармачылыкка байланыштуу актёр же болбосо жарнамалык роликтерге тартылуу - кыялым эле. Ал учурда модель болуу түшүмө да кирген эмес. Себеби модель мырзалар тууралуу оюм жакшы эмес болчу. Ошол учурда эжем мага борборубуздагы кийим дүкөндөрүнүн бирине барып көрүүнү сунуштады. Ийгилик жылмайдыбы, айтор, дал ушул дүкөн багымды ачты.
Биринчи күнү эле фотосессия болду. Абдан сүрдөдүм. Бирок бул кесип мага жакын экенин сезип, андан ары улантууну чечтим. Сүрөттөрүм алгач интернетке чыкканда “чын эле бул менминби?” деп абдан сүйүндүм. Колдогондор дагы, “жөн эле койбойсуңбу” дегендер да болду. 2-3 айдан кийин эле “Кыргыз өлкөсүндөгү эң сулуу модель” аталдым.
Тапканым өзүмдүн баскан-турганыма жетет. Албетте, башка мамлекеттерге салыштырмалуу аз төлөшөт. Кореяга барганда алардын деңгээлин өз көзүм менен көрүп келдим. Калууга сунуштар болду. Бирок Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу үчүн кайтып келүүгө туура келди. Келечекте "Dolce & Gabbana" мода үйүнүн жүзү болуу, подиумда басуу - менин кыялым. Жер көрүп, башка улуттун эли менен маектешким келет.
Буюрса, журналистика жаатында билим алуу үчүн окууга тапшырдым жана ушул тармакта иштегим келет. Андан сырткары чет өлкөлөргө чыгып, келишим түзүп моделдик кесипти улантуу максаттарым бар. Мүмкүнчүлүгүм болсо моделдик мектеп ачмакмын. Дүйнөлүк деңгээлдеги сынактарга катышууга аракет кылмакпыз.
Подиумда басуунун өзү эрдик деп билем. Себеби ашып кетсе ал жерде 1 мүнөт басасың. Бирок ага канча убакыт, энергия кетет. Менде азыркы убакка чейин толкундоолор болот. Ал эми подиум артында кызыктар абдан эле көп. Кыздардын арасында кийинип-чечинесиң. Жаңы келгендер абдан уялышат, бирок мен көнүп калгам.
Чындыгында бул кесип мага атактуулукту алып келди. Дос, тааныш күттүм. Албетте, бирок бул кесиптин оорчулугу да бар. Эң кыйынчылык туудурган жагдай - бул фотосессия учурунда фотоаппараттын жарыгы алдында сүрөткө түшүү. Көзүң кызарып, жаш айланып жатса да аны билдирбей образды ачып берүү керек.
Сүйгөн кызым жок. Башка өлкөдөн болот окшойт (күлүп). Кайсы өлкөдөн болбосун, анын тилин, каада-салтын үйрөнүү мага абдан кызык".
ЖАСТИН БИБЕРГЕ ОКШОШ АСАДОР ИКРОМОВ
Туулган жылы – 1997-жыл, 25-январь
Туулган жери – Жалал-Абад шаары
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 59 килограмм
Үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу
Билими - орто
Хоббиси – ырдоо, футбол жана баскетбол ойноо.
"Мени алгач эле көргөндөр ырчы Жастин Биберге окшоштурушат. Биберди кумир тутпасам дагы ырлары, клиптери абдан жагат. Ал чыгармачыл, жаратман жигит. Өзүм эч кимди кумир тутпайм", - деп сөзүн баштады Икромов.
"Чоң атам убагында дагы бир балалуу болсом атын – Исадор коём дечү экен. Тилекке каршы, ал тилегине жетпей эрте эле каза болуп калат. Атам өзү балалуу болгондо чоң атамдын тилегин орундатып атымды Исадор койгон экен. Менин кыргыз экениме көптөр ишенишпейт. Бирок мен кыргызмын.
Кесипкөй модель болуу үчүн сүрөткө түшүп, подиумда ары-бери басуунун өзү жетишсиз. Ал үчүн атайын билим алуу керек. Мен бул чөйрөгө кокусунан аралашып калдым. Социалдык тармактардан жазып калышты. Кичинекей кезимден тарта чыгармачылыкка кызыгам, айрыкча фотосессияларга катышуу абдан жагат. Андан сырткары өзүм үчүн вокалдан бир аз сабак алгам", - дейт ал.
Модель мырза буга чейин эки кыз менен олуттуу мамиледе болгонун айтат: "Мага сулуу, ыймандуу, тазалыкты сүйгөн, сабырдуу кыздар жагат. Улутуна карабайм. Эң башкысы, ислам дининде болсо болду".
МОДЕЛДИК ЧӨЙРӨДӨН АЛЫСТАП, АКТЁРЛУККА ЫКТАГАН ЭРНИС АЙДАРАЛИЕВ
Туулган жылы – 1997-жыл, 7-август
Туулган жери – Орусия, Алтай
Бою – 180 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Билими - орто
Хоббиси – футбол ойноо.
"Моделдик тармакка абдан кызыкчумун. Бир жолу өздүк фотосессиямды өткөрүп, интернетке жүктөгөм. Ошол сүрөттөрүмө кызыккан моделдик агенттиктердин бири иштешүүнү сунуштады. Мен макул болдум. Себеби мага камера менен иштөө жагат.
Учурда ал моделдик чөйрөдөн алыстап, актёрлук кесипке ыктап бара жатат. Кыска метраждуу тарбиялык маанидеги тасмаларда роль жаратканын белгилеп өттү.
"Бул жаатта атайын билимим жок болсо дагы, кызыгуум күч. Жакында жаңы тасма тартылат. Мен башкы каармандын ролундамын. Чет өлкөдө иштөө боюнча сунуштар түшкөн. Таиланд, Балидеги сынактарга Кыргыздын атынан катышып берүүгө бир нече жолу сунуш түшкөн. Бирок негедир ошол учурда моделдик чөйрөдөн алыстап кеттим, көңүлүм тарткан жок", - дейт Айдаралиев.