Ушул тапта пластикалык операция жасаткан айымдардын саны көбөйүп баратканын жашыруу мүмкүн болбой калды. Кыз-келиндер табигый сулуулугуна көрк кошуу үчүн көзүнө, оозуна, дене-мүчөсүнө операция жасатып жатышат. Айрымдары мындай аракеттерин жашырса, арасында өзгөрүүсүн ачык айткандар да бар. Алардын бири ырчы Азур төмөнкүлөрдү билдирди:
АЗУР, ЫРЧЫ: "АТА-ЭНЕМ ПЛАСТИКАГА КАРШЫ БОЛГОН ЭМЕС"
“Көзүмө сурма жасатканымды жашырбайм. Өзүмдүн деле сурмам бар болчу, бирок жүзүмдү европалыктарга окшоштуруу үчүн чоңураак сурма жасатууга туура келди. Бул деле мени аябай өзгөрткөн жок. Анткени образымды линза гана ачат”, - деп ачык эле маек берген.
Бул боюнча Азурдун өзүнө байланышканыбызда: “Менин продюсерим индус болгондуктан жаңы иштешип баштаганда европалык стилде чыгышыбыз керек деп айткан. Биздин, азиат түспөлүндөгүлөрдүн көздөрү бир аз бүтүк болот эмеспи. Анан көзүмдү чоңойтуу максатында блефаропластиканын (көздүн формасын өзгөртүү үчүн жасалган операция) жардамына кайрылгам. Бул шоу-бизнеске аралашуу үчүн жасалган десем туура болот. Ата-энем деле каршы болгон эмес. Себеби алар мени 18 жашка чыккандан кийин өз эркиме коюшкан. Мен деле продюсеримдин сунушуна макул болгом. Мен үчүн бул көрүнүш өтө олуттуу нерсе эмес”, - деген жоопту алдык.
НАЗИРА ЖЕТИГЕНОВА: "ЭЛДИН КӨЗҮ СОКУР ЭМЕС"
Куудул, алып баруучу Назира Жетигенова да пластикалык хирургиянын жардамына кайрылганын жашырбайт. “Мен пластикага кайрылганымды жашырбайм. Себеби элдин көзү сокур эмес да. Биринчи көзүмө, кийин мурдума жасаткам.
Алып баруучу болгондон кийин камера ар кайсы жагыңдан тартат эмеспи, бетимди капталынан тартканда айрымдар “күйөөң мушкерби? мурдуңдү жалпайта уруптур го” деп күлүп калышчу. Туугандарым, досторум да “сенин мурдуң резинка э? Күлгөнүңдө жайылып кетет” дешчү. Анан жайылган мурдумду жайылтпай, чогултуп коёюн деп чечтим”, - дейт дайыма ачык-айрым жүргөн Назира айым.
Буга чейин "Нон-Стоп" дуэтинин мурдагы солисти, ырчы жана ди-джей Чолпон Талипбек көкүрөгүнүн көлөмүн 2-өлчөмгө чоңойтконун айткан.