2019-жылдын биринчи күнү эле 52 жаштагы Венсан Кассель 21 жаштагы жубайы кош бойлуу экендигин социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу жарыялады.
Буга чейин эле түгөйлөрдүн үй-бүлөсүндө толуктоолор болот деп чет элдик маалымат каражаттары божомолдоп келишкен. Бирок бул айтылган маалыматты алар тастыктай элек болчу. Бул сүрөт аркылуу Тина Кунаки жогоруда айтылган сөздөргө чекит койду.
Ал эми сүрөтүнүн алдына "менин эң бактылуу жылым" деп жазып, Венсан Касселди сүрөттө белгилеп койгон.

Венсан Кассель менен Тина Кунаки 2015-жылы эс алуу учурунда таанышып, 2018-жылы август айында баш кошушкан.
Ал эми Венсан Касселдин биринчи жубайы - сулуулуктун эталону аталган Моника Беллуччи болгон. Алар 1999-жылы баш кошуп, 15 жылдан ашык жашаган соң 2013-жылы ажырашып кетишкен. Экөөнүн ортосунда Дэва жана Леони аттуу 2 кызы бар.
Учурда актриса жана модель Моника Беллуччи Николя Лефевр аттуу сүрөтчү менен жакын мамиледе.