"Супер хитке" Нурлан Насиптин той, концерттен бошобой жүрүп бир аптада тарткан "Жүрөк ээси" ырынын клиби кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добуш алган клип сынактан четтетилип, ордун "Жылдын супер ырчы мырзасы-2018" наамын алган Нурлан Насиптин аткаруусуна таандык "Жүрөк ээси" аттуу ыры толуктады. Клип тууралуу ырчы мырза төмөндөгүлөргө токтолду:

"Клипти баш-аягы 1 аптада тартып бүттүк. Той, концерттер менен жүрүп ушунча убакытка созулуп кетти. Тартуучу топту дагы көпкө күттүргөн учурлар болду. Анын үстүнө бетиме грим жасоо көп убакытты талап кылат экен. Эгерде клип эл тарабынан жакшы кабыл алынса, уландысын тартабыз".

10-орун - "Добулбас" тобунун "Ак кеме" аттуу чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунда - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" клиби жайгашкан.

8-орун - "60`К" тобунун "Мерез жүрөк" видеокомпозициясына буюрган.

7-орунду - Ильяз Абдразаковдун аткаруусуна таандык "Ай, жеңеке" аттуу видеокомпозициясы камсыздаган.

6-орун - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" аттуу клиби өткөн аптага караганда бир баскычка төмөндөгөн.

5-орун - Айчүрөк Иманалиеванын "Кыргызча" аттуу клибине буюрган.

4-орунду - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" чыгармасы ээледи.

3-орун - Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" клиби өткөн аптада жеңүүчү аталса, бул ирет алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орун - Анжеликанын "Назданып" клиби тизме боюнча алдыңкы үчтүктө келе жатат.

1-орун - Гүлжигит Калыковдун "Эне жөнүндө баллада" аттуу чыгармасы өткөн аптада кошулганына карабастан, колдонуучулар тарабынан эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AKKORD__2019
2019-01-03 00:45:27
Жакшы азаматсыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан