Манасчы Рысбай Исаковго наам жана батир берилди

Манасчылардын сап башында турган Рысбай Исаковго "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы берилгени маалымдалган. Бул жагымдуу жаңылык менен катар эле манасчы 3 бөлмөлүү батирге ээ болду. Кош жаңылыгы менен куттуктап Исаковго байланышканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду:

"Мага биринчи эле "Эмгек сиңирген артист" болгонумду тарыхчы Кыяс Молдокасымов кабарлады. "Жаңы жылың менен" деп куттуктап чалган го десем, "Сага наам берилди" деп сүйүнчүлөдү. Ошентип сыйлыкка ээ болгонумду элден уктум. Чынында мен үчүн жаңылык болду.

Ал эми батир "Саякбай манасчы" эл аралык фондунун президенти Саматбек Ибраев тарабынан берилди. Буюрса, 3 бөлмөлүү жаңы батирибизге 5-январда көчөбүз", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
filis
2019-01-02 19:35:08
Азаматсын. Манасчылар коп эле болуптурсун. Борбордук Аянтта жана башка борборлордо ар кун сайын 5 муноттук Манас жанырып турса жакшы болоор эле.
+7
voennyi88
2019-01-02 20:38:54
filis,мен колдоймун бул идеянды. Ош ,Баткен областарда дагы манас жанырылса абдан жакшы.
+2
bessmertiy
2019-01-02 19:39:54
Конуш кут болсун!
+2
molorbaev
2019-01-02 19:43:28
Кут болсун! Конул которгон жанылык.
+2
BekAmir
2019-01-02 21:34:29
Кут болсун!
0
altyn2015
2019-01-02 21:56:14
Сыйлыгыныз, ак оргонуз кут болсун!
+3
Skarlett-Skarlett
2019-01-03 00:41:21
Кубанычтуу,жагымдуу кабар экен.Сыйлыгыныз кут болсун!
-1
dymak
2019-01-03 07:53:29
Рысбайдын мээнети ак.Кут болсун ак өргөңүз,наамыңыз дагы да көптөн көп салымыңызды кошуңуз маданиятка.Жана сиздин эмгекти баалаган адамдар үчүн да рахмат.Ушундай колдоо болуп турса маданият өнүгөт.Азыр биздин маданиятты кино көргөндө жана тойго барганда көрүшөт элдер.Артистердин дээрлик көпчүлүгүн кафелерден (тойканалардын) көрөбүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан