Магнитогорск шаарындагы кырсык: Уранды алдында 35 саат жаткан 11 айлык бала аман табылды

31-декабрь күнү таңкы саат 6:00дө Орусиянын Магнитогорск шаарында көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, 79 адам дайынсыз болуп жатканы маалымдалган. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 36га жетти.

Айрым орус басылмалары кырсык болгон күнү уранды астында калган 11 айлык Ваня Фокин аттуу бала аман калганын жазышууда.

Белгилүү болгондой, Ваня Фокин уранды алдында 35 саат жаткан.

"Кырсык болгон күнү баланын ата-энеси качып чыгууга үлгүрүшкөн, бирок керебетте жаткан баласын чыгара алышкан эмес. 1-январь күнү кечинде иштеп жаткан техникалардын баары убактылуу өчүрүлгөн учурда жаш баланын ыйлаган үнү угулган. Куткаруучулар үн чыккан жердеги урандылардын алдынан 11 айлык Ваня Фокинди табышкан. Азыркы учурда Ваня Фокин апасы менен чогуу атайын учак менен Москва шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, баланын абалы туруктуу", - деп жазылат маалыматта.

"Биз төртүнчү кабатта жашачубуз. Кырсык учурунда балдарыбыздын улуусу менен бирге керебетте жаткан элек. Көзүмдү ачсам караңгыда, уранды алдында жатыптырбыз. Кичүү баламды таба алган жокмун. Урандылардан суурулуп көчөгө чыктык. Ваня урандынын алдында 35 саат жатты. Сыртта 26 градус суук болчу. Анын тирүү экендигинен үмүтүбүз үзүлүп калган эле.

Балабыз азыр жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Анын оң жамбашы сынып, сол бутунун тизесине чейин үшүк алган. Дарыгерлер аны операцияга даярдап жатышат", - деп баланын апасы Ольга Фокина орус басылмаларына билдирген.

Магнитогорск шаарындагы кырсык: Уранды алдында 35 саат жаткан 11 айлык бала аман калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aerforce
2019-01-03 13:49:57
Жакшы аллахым жашоо берсе кандай каргашалуу окуя болсода аман калтырат бактысы өмүрү бар наристе экен
+12
kechirmeni
2019-01-03 14:53:01
aerforce,Аллах
+1
Beka1986
2019-01-03 13:52:45
Вай тоообаа...Аллахым кереметинен айланайын!Аллахка шугур!Дадаган кетейин кичинекей малышым,жакшы болуп кет батыраак!
+10
ikitaidesu
2019-01-03 15:06:49
Алхамдуллиллах Алхамдуллиллах Алхамдуллиллах!!! Аллахым эми шыпаасын берсин. Садаголоюн, үшүп, ыйлап жата берди да. Эсен аман ата эне, бир туугандарыңдын катарына кошул...
+6
Bazana
2019-01-03 15:17:58
Ыйлап алдымго...байкуштун бутун кесишеби эми ?
+3
zhykyo
2019-01-03 15:37:28
Ваня Ваня Фокин аман калыптыр жакшы
+1
Alia82
2019-01-03 16:04:29
Алланын кудурети
+5
Nevestkaa
2019-01-03 16:21:09
Өмүрү узун болсун,ден-соолук берсин кудайым.
+2
al-abu-kinesz
2019-01-03 17:34:26
Оххх. Журогум титиреп кетти, менин балам курактуу экен..
+1
souza.j
2019-01-03 17:42:43
Бей ажал чымын олбойт демекчи. Бизде бир бала кочкудо таштын чункурунда калып 11 саат сууда турган.топуракты тазалаганда ун берип элдин эсин оодарган.
+2
Eli.91
2019-01-03 17:53:19
Аллахымдын кереметтеринин бири булда болсо.Балким дагыда тируу калгандар бардыр урандынын астында.Этияттык менен караш керек дагыда болсо.
+3
Fanatic
2019-01-04 16:30:57
Мына Аллахтын жардамы деп ушуна айт.
0
Beka1986
2019-01-04 20:59:58
Э Аллахым,ушул баланын алты санын аман кыла кор!Эч жери кесилбей бат сакайып кетсин!Аминь.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан