"Намба Такси" фирмасынын айдоочулары жаңы унаалардын ээлери болушту

Бишкекте 10дон ашуун айдоочу жаңы унааларга ээ болушту. Айдоочулар унааларды бир жыл мурун өлкөбүздөгү такси кызматын көрсөткөн ири фирмалардын бири "Намба Таксиден" лизингге алып, бүгүн ал машиналарга ээ болушту.

Ишкананын директору Улукман Карабукаевдин айтымында, "Намба Такси" акыркы жылдарда айдоочуларга мыкты шарттарды түзүп берип, аларга атайын долбоордун алкагында унааларды лизингге берген. Айдоочулар 1 жылдын ичинде унаа менен такси кызматын көрсөтүп, ай сайын унаанын акысын төлөп келген.

"Намба Такси" 2012-жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келе жатат. 2016-жылы унааларыбызды ижарага берүү боюнча пландар жаралган. Бир жылдын ичинде тийиштүү документтери чогултуп, 2017-жылы чет мамлекеттен жаңы унааларды алып келгенбиз. Ижарага берүүдөн тышкары биз айрым айдоочуларга жардам берүү максатында унааларды лизингге бере баштадык. Бул айдоочулардын алдыга умтулуусун мурдагыдан да күчөттү. Унааны 1 жылдык мөөнөткө алган айдоочулар учурда аларга ээ болушту.

Унааларды лизингге бергенибиздин жакшы жактарынын бири бул биздин кардарларыбызга мыкты тейлөө көрсөтүп баштаганыбыз болду. Анткени ижарага бергенде айдоочулар аны "менин унаам эмес да" деп унаалардын абалына көңүл бурбай, каалагандай айдап жүрө беришмек. Ал эми лизингге алган айдоочулар унаага башкача мамиле жасап, өз мүлкү катары карап унаанын абалын, тазалыгын дайыма сактап турушат. Ошондой эле биздин автопаркты жаңы унааларга толтуруп, кардарларбызга дагы ыңгайлуулук жаратып баштадык”, - дейт Улукман Карабукаев.

"Намба Такси" фирмасына өнөктөш болгон автопарктын башчысы Руслан Бешир-Оглы алардын ар бир кадамы элдин ыраазычылыгы үчүн жасалып жатканын айтат.

“Намба Такси” дайыма кыргыз элин ойлоп, ал үчүн кызмат кылып келет. Мындай лизингге берүү боюнча долбоорду "Намба Такси" алгачкылардан болуп баштаган. Жаңы унааларды сатып алып жатканда алгач кардарларыбызды ойлогонбуз. Андан соң айдоочуларды жумуш менен гана камсыз кылбай, аларга өз унааларына ээ болуп калууга мүмкүнчүлүк бердик. Лизинг аркылуу айдоочулар азыр өз унааларын айдап жүрүшөт.

Долбоордун алгачкы баскычтарында биз унааларды ижарага гана берип келгенбиз. Андан кийин айдоочуларга лизингге бере баштаганбыз. Бул айдоочуларга абдан жакшы болду деп ойлойм. Анткени алар жөн гана иштеп, ижаранын акысын гана төлөбөй, унаага ээ болуп калышы мүмкүн болду. Айдоочуларга ар дайым колдон келишинче жардамы берип, колдоо көрсөтүп жүрүп отурдук. Бир жыл билинбей эле өтүп кетти, айдоочуларыбыз унааларды сатып алышты”, - деди Руслан Бешир-Оглы.

Айдоочулардын айтымында, бул долбоор аркылуу алар өз максаттарын ишке ашыра алышкан. Мындан кийин алар дагы лизингге машиналарды алып иштетүүнү, азыркы унаааларын ижарага берүүнү пландап жатышканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан