Балыкчы шаарынын тургунун травматикалык тапанча менен жүрөк тушка атып кеткен адам изделүүдө. Аталган маалыматты SUPER.KG`ге Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады.
Белгилүү болгондой, жабырлануучу учурда Балыкчы шаардык ооруканасында дарыланып жатат.
"2-январь күнү саат 20:50 чамасында Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө травматикалык куралдан жаракат алган 36 жаштагы жаран жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу шаардык ооруканадан маалымат келип түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу окуянын күбөлөрүн суракка алганда ошол күнү жабырлануучу Нарын-Шоссе көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринде Жоомарт аттуу адам менен жолуккандыгы аныкталган. Экөө чырдаша кетип, Жоомарт аттуу адам жабырлануучуну белгисиз маркадагы травматикалык тапанча менен жүрөк тушка атып, качып кеткен. Окуя болгон жерди кароо учурунда далил катары "45 RUBBER" үлгүсүндөгү травматикалык тапанчанын гильзасы табылды.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү Ж.Ж. аттуу 29 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну экени белгилүү болду. Учурда шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат", - деди басма сөз катчы.
Мындан сырткары Усубакунов "аталган факт кылмыштуу топтордун өз ара жаңжалы" деген маалыматты төгүнгө чыгарып, окуя сотко чейинки өндүрүшкө алынгандыгын кошумчалады.
"Шектүү менен жабырлануучунун ортосундагы чыр үй-бүлөлүк маселелерден улам келип чыккан. "Бул уюшкан кылмыштуу топтордун өз ара жаңжалы" деген кептер чындыкка дал келбейт. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (ок атуучу, газ-травматикалык курал, бычак сыяктуу ден соолукка зыян келтирүүчү каражаттарды колдонуу аркылуу бейбаштык жасоо) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды. 2019-жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамга ылайык, ушул сыяктуу оор эмес жоруктар үчүн кылмыш иши козголбойт", - деди Усубакунов.