Орусиянын Магнитогорск шаарындагы кырсыкта куткаруу иштери аяктады

Орусиянын Магнитогорск шаарында газ түтүктөрү жарылып, урап калган көп кабаттуу үйдө куткаруу иштери аягына чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып жазышууда.

"Куткаруучулар урап калган көп кабаттуу үйдөн 39-жансыз денени алып чыкты. Бардык дайынсыз болуп жаткан жарандар табылып, ӨКМ куткаруу иштерин аяктады", - деп жазышууда басылмалар.

Белгилүү болгондой, 31-декабрь күнү саат 6:00дө Магнитогорск шаарында көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылган. Жарылуунун кесепетинен көп кабаттуу үй урап калган. Кырсыктан 79 адам дайынсыз болуп, алардын арасында 11 айлык наристе дагы болгон. 1 күндөн кийин 11 айлык Ваня Фокин урандылардын алдынан аман-эсен куткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek_tash
2019-01-04 11:01:06
Ошол учурда үйүндө жок жашоочулар, жашоонун кадырын түшүнүштү бекен э?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан