2019-жылдын 1-январында Ош шаарынын Жим көчөсүндөгү 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү "Жетиген" мейманканасынан өрт чыгып, 20 жана 27 жаштагы эки кыз каза болгон.
Ош милициясынын басма сөз кызматы окуядан кийин факт боюнча кылмыш иши ачылганын жана мейманкананын кире беришинен илбирcтин, карышкырдын териси жана эликтин катырылган башы табылганын кабарлады.
"Илбирcтин, карышкырдын териси жана эликтин катырылган башы мейманкананын кире беришинде илинип турган экен. Алар эски абалда болгон. Учурда ал буюмдардын кайдан келгени иликтенүүдѳ. Аталган мейманкананын администраторунун айтымында, мындан кѳп жыл мурда күйѳѳсү кайдандыр алып келип илип койгон. Күйѳѳсү былтыр каза болгон экен", - деп билдиришти шаардык милициядан.