Таиландда жол кырсыгынан 6 адам көз жумуп, 50 киши жаракат алды

Таиландда туристтик автобус оодарылып кетип 6 адам каза болуп, 50 киши жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Жол кырсыгы бүгүн, 6-январь түнү Патумтхани провинциясында катталган.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы айдоочу башка унаадан буйтоо үчүн дароо тормозду баскан, жыйынтыгында автобус оодарылып кеткен.
Каза болгондордун арасында 1 бала бар. Ал эми жаракат алгандар оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Таиландда жаңы жылдык майрамдан бери жол кырсыгынан 300дөн ашык адам каза болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KazNazi
2019-01-06 13:06:10
Аттин,чондордун катасынан.. жол кырсыктар,жаш балдардын олуму коп болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан